Дене тарбия — тарбиялоонун жалпы тутумунун адамдын ден соолугун чыңдоого жана дененин өсүшүнө арналган бөлүгү.
Ал адеп-ахлактык, эстетикалык тарбия жана политехникалык окутуу менен байланыштуу. Дене тарбия Байыркы Грецияда жана Римде өнүккөн. Орто кылымда Францияда Ф. Рабле, М. Монтель дене тарбияны акыл-ой, билим менен байланышта кароо керек дешкен. Педагог Я. А. Коменский педагогика эмгектеринде балдар гигиенасына, тамактануу жана ден соолук режимине, оюнга, машыгууларга өзгөчө көңүл бурган.
Орустун алдыңкы педагогдору жана коомдук ишмерлери В.Г. Белинский, Н.Г. Чернышевский балдардын дене тарбиясына чоң маани берген. Улуу педагог К.Д. Ушинский окуучулардын эске тутуу жөндөмүн өөрчүтүү, чарчаганда эс алуу үчүн дене тарбия сөзсүз керек экенин көрсөтүп, аны мектеп программасына киргизүү зарыл деп эсептеген. Мектеп жашына чейинки кенже балдарда дене тарбиянын негизи — баланы тазалыкта багуу жана туура тамактандыруу. Мектеп жашындагы балдарга дене тарбия атайын программа менен физкультура сабагында жана сабактан тышкаркы убакыттарда өткөрүлөт. Дене тарбияга жогорку окуу жайларында да чоң көңүл бурулат. Анын негизги каражаттары: гимнастика, спорт оюндары, туризм жана башкалар
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дене тарбия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.