Абдырахман Кучак (Күчүк) уулу - элчи, Атаке баатырдын орус императору Екатерина IIге жиберген элчилериин башчысы.
Абдыракман Күчүк уулунун түпкү теги, уруусу тууралуу так маалымат жок. Чоң атасы жуңгар (калмак) хандарына кызмат кылып жүргөн кыргыздардан болгон.
Жуңгар хандыгы талкалагандан кийин, Цинь бийлигинен баш тарткан калмактар менен бирге Эдил жээгине качып барып, орус бийлигин кабыл алган. Абдырахман орус тилин жакшы өздөшүрүп, кийин соода кылып, кербендер менен Ташкентке каттай баштаган.
Бул учурда Орус империясы Цинь империясы менен соода жүгүртүүгө кызыкдар болгон. Пётр Iден баштап коопсуз, кыска жолдор аркылуу каттонун амалы каралып турган. Абдырахман бул мындай маселени жакшы түшүнүп, Ташкент тараптан Атаке бийдин кабарын угуп, байланыш түзгөн жана аны Орус империясы менен мамиле түзүүгө көндүргөн.
Элчилер 1785-жылы аттанып, Омск – Петропавловск – Челябинск – Екатеринбург – Москва – Петербург жолу менен жеткен. Алар Екатерина IIге Атаке бийдин атынан үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин, эки аргымак, бир кул жана мөөр басылган катын жеткирген. Атаке бий катында Кытайга кошуна кыргыз деген эл жашаарын, орус кербендеринин коопсуздугун камсыз кылууга жардам көрсөтө турганын билдирген. Екатерина II элчилерди бир жылдан кийин, 1786-жылы март айында кабыл алган.
Кабыл алуу аяктагандан кийин Абдырахман Кучаков ооруп калгандыктан, Сибирь корпусунун командири Н. Г. Огарёв 1787-ж. октябрда, башында М. Агаферов турган казандык көпөс А. Нурмаматовдун кербени аркылуу орус падышасынын белеги жана жооп катын жөнөткөн.
Падышанын жообу жеткенде, Атаке баатыр 1788-ж. жайында Абдырахмандын уулу Сатынбай башында турган экинчи элчилигин аттандырган.
Абдырахман кайтып келе жатып, жолдон, 1789-жылы 20-июнда Орусиянын Батыш Сибирдеги Омбу шаарында сый туткун катары кармалып, дүйнөдөн кайткан.
Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедиясы. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
http://www.kyrgyzstantravel.info/glossary/a-r.htm Archived 2013-02-27 at the Wayback Machine
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Абдырахман Кучак уулу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.