«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө» — манас-таануучу Муңдук Мамыровдун эмгеги (Фр., 1964).
Параметр text не задан |
42 бет. Китеп «Манас» эпосун биринчи жыйноочулар жана изилдөөчүлөр, «Манас» эпосунун советтик мезгилде изилдениши деген эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм эпосту эң алгач изилдеген окумуштуулар Ч. Валиханов, В. В. Радловдун «Манас» жөнүндөгү жазгандарына арналган.
«Манас» эпосунун советтик мезгилде изилдениши деген экинчи бөлүм түрколог П. А. Фалевдин 1922-ж. «Наука и просвещение» журналына жарыяланган «Кара кыргыздардын жомоктору кандай түзүлөт» деген макаласы жөнүндө учкай сөз кылуу менен башталат да, бул бөлүмдүн басымдуу бөлүгү М. О. Ауэзовдун «Манас» жөнүндөгү изилдөөлөрүнө арналган.
Китептин соңунда С. М. Абрамзон, В. М. Жирмунский, А. Бернштам, Б. М. Юнусалиев, П. Н. Берковдун «Манас» эпосун окуп үйрөнүүгө арналган эмгектерине аннотациялык маанайдагы мүнөздөмөлөр берилет.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article «Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө», which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.