Баш мүчө - сүйлөмдүн грамматикалык негизин, борборун түзүүчү структуралык-семантикалык компонент (компоненттер).
Баш мүчө сүйлөмдүн формалдык-грамматикалык түзүлүшүн аныктап, эки тутумдуу сүйлөмдө ээ жана баяндоочко, ал эми бир тутумдуу сүйлөмдө бир Баш мүчөгө ажырайт. Ээ менен баяндооч өз ара предикативдик катышта турат. Жалпысынан, ээ ой жүгүртүүнүн субъектиси жана айтылуучу ойдун темасы болот, ал эми баяндооч ой жүгүртүүнүн предикаты жана айтылуучу ойдун ремасы болот да, Баш мүчө сүйлөмдө логикалык функцияны аткарат.
Баш мүчөнүн айланасына сүйлөмдүн калган мүчөлөрү багынуу принциби боюнча топтоштурулат. Баш мүчөлөр ошол багынычтуу топтору (бөлүктөрү) менен бирге сүйлөмдө ээнин зонасын жана баяндоочтун зонасын түзөт. Баш мүчөлөрдүн орун тартиби алардын спецификалык бөтөнчөлүгү болуп саналат: ээ препозицияда, баяндооч постпозицияда турат да, ички катышы, грамматикалык табияты жагынан бири бирин шарттоочу мүнөзгө ээ.
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Баш мүчө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.