Бышыктооч: Олимп

Бышыктооч - сүйлөмдө баяндооч билдирген кыймыл-аракеттин тууралыгын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, себебин, максатын билдирген айкындооч мүчө.

Бышыктооч маанисине, ага жараша сүйлөмдө аткарган милдетине жана грамматикалык байланышына карай, баяндоочтун айланасына топтошот. Демек, Бышыктооч - баяндоочтун тобуна кире турган айкындооч мүчө. Ал кыймыл-аракеттин ар кандай белгилерин көрсөтүү менен, баяндоочтун маанисин бышыктап, кеңейтип, айтылуучу ойду толук, так жана жеткиликтүү берүүдө чоң роль ойнойт. Бышыктоочтор багындыруучу сөзү менен болгон маанилик катышына, сүйлөмдөгү синтаксистик милдетине карай: мезгил, орун, сын-сыпат, себеп, максат, сан өлчөм Бышыктооч болуп бөлүнөт.

Бышыктоочтун милдетин жөнөкөй жана татаал формадагы ар кандай сөз түркүмдөрү: зат атооч, сан атооч, ат атоочтор, тактооч, этиштин чакчыл формасы, жандоочтор менен айкашкан сөздөр аткарат.

Бышыктооч түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш болуп бөлүнөт. Мис.: Шамбет өз ишине кызуу киришти. (кызуу - жөнөкөй сын-сыпат Бышыктооч). Мында китеп сатып алганы келдим. (сатып алганы - тутумдаш максат Бышыктооч).

Сүйлөм тизмегинде бир өңчөй Бышыктоочтор да кезигет. Синтаксистик бирдей милдет аткарып, бирдей суроого жооп берген жана өз ара тең байланышта айтылган Бышыктоочтор бир өңчөй Бышыктоочтор деп аталат.

Бышыктоочтор айрым учурларда суроого жооп бериши жана жөндөмө мүчөлөрдө турушу жагынан аныктооч менен толуктоочко окшош. Бирок аларды айырмаласа болот: Ал жакшы (кандай?) кыз. Мектепте да жакшы (кандай?) окуйт. Биринчи сүйлөмдө жакшы - аныктооч, заттын (кыздын) сын-сыпатын көрсөттү. Экинчи сүйлөмдө жакшы - Бышыктооч, кыймыл-аракеттин (окуйт сөзүнүн) сын-сыпатын билдирди. Мен Мекениме суктанамын. Мен Мекениме баратамын. Мекениме сөзү эки сүйлөмдө тең барыш жөндөмөдө турса да, эки учурда эки башка милдет аткарды. 1. Мекениме (эмнеге?) - толуктооч. 2. Мекениме (кайда?) - Бышыктооч

Колдонулган адабияттар

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Географиялык улуу ачылыштарГипотезаЖемиштерКоррупцияТоктогул СатылгановЖүз сомСтильЖакиев БексултанТүгөлбай СыдыкбековКездемеМээШвейцарияТабигый ресурстар, жaратылышКурманжан ДаткаЖер көчкүТүштүк ЕвропаМурунКүндөрдүн аталышыТаш дооруМинералдуу суулар (Кыргызстан)АфрикаӨзбекстанФантастикаЧолпонФонетикаАрменияБиринчи жардамСабат ачууКараханийлер мамлекетиАлаш (партия)Энесай Кыргыз кагандыгыБака жалбыракАба (атмосфера)Этиштин чактарыКаада-салт ырларыАта-БейитЖугуштуу ооруларХимиялык элементЖалал-АбадТиричиликАрхаизмОкутуу методуФизикалык чоңдуктардын бирдиктериСөөк системасыКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиЖакыпМенеджментАт — адамдын канатыТүштүк КореяАнтропогендик факторлорРадиоактивдүүлүкПротокол«Манасчылар»Зат алмашууКыргыз Республикасынын Кызыл китебиБектурсун АлымовАк батаЧуст маданиятыКалп(адабият)Жердин магнит талаасыЗомбулукАчык муунРефератКедейкан (эпос)Кокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыБайыркы Египет маданиятыАбдыраманов ШабданбайҮндүү тыбыштарИнсанКазакстанКүн атмосферасыЭлектр тогуДидактикалык чыгармаларТеңир-ТооОсмоналиев КачкынбайБаш мүчөТехнологияФутболТемперамент🡆 More