Этиштин чактары - кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан мезгилге карата болгон мамилесин билдирген грамматикалык категория.
Кыргыз тилинде анын үч чагы бар: өткөн чак, келер чак, учур чак.
1. Өткөн чак кыймыл аракеттин өтүп кеткендигин көрсөтөт. Аны -ды, -ган, ыптыр, -чу мүчөлөрү уюштурат.
2. Келер чак кыймыл аракеттин кийин, келечекте болорун билдирет. Формалары; -а, -й, -ар.
3. Учур чак кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын билдирет (жаап жатат, сатылып жатат, жазып олтурат).
Ар бир чак формаларынын маанилик өзгөчөлүгүнө жараша өз ара дагы 2-Зтөн топко бөлүнөт. Бирок этиштин чактары дүйнөдөгү тилдердин баарында бирдей эмес. Кээ бир тилдердин атайын келер чак формасы такыр эле жок, кээ бири кыймыл-аракет убактысын туюнтуунун өзгөчө системасына эгедер. Маселен, байыркы орус тилиндеги плюсквамперфект (предпрошедший) же азыркы немец тилиндеги болжол келер чак (предварительное будущее) формалары. Бир катар тилдерде этиштин чактарын эле эмес, түрүн туюнтчу формалар да иштелип чыккан..
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Этиштин чактары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.