Электр тогунун багыты катары шарттуу түрдө оң заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймыл багыты алынган.
Эгер токту терс заряддалган бөлүкчөлөр (электрондор) түзсө, анда токтун багыты бөлүкчөлөрдүн кыймыл багытына каршы деп эсептелет. Электр тогу туруктуу жана өзгөрмөлүү болуп бөлүнөт. Туруктуу Электр тогунун багыты жана чоңдугу убакыттын өтүшү менен өзгөрбөйт. Өзгөрмөлүү Электр тогунун чоңдугу, багыты үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Бирдик убакыттагы (секундада) толук термелүүлөрдүн саны өзгөрмөлүү Электр тогунун жыштыгы деп аталып, ал герц менен өлчөнөт. Электр тогунун чени — ток күчү жана ток тыгыздыгы. Ток күчү - скалярдык чоңдук; ток тыгыздыгы - вектордук чоңдук.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Электр тогу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.