Жемкорлук(Коррупция) (лат.
corruptio – паралап сатып алуу) – саясат чөйрөсүндөгү же мамлекеттик башкаруудагы коомдук кооптуу көрүнүш. Ал мүлккө же мүлк түрүндөгү эмес байлыкка ээ болуу үчүн бийлик өкүлдөрүнүн өз кызмат абалынан атайылап пайдаланганынан улам көрүнөт, демек, ал адамдар кызыкдар жактар тарабынан сатылып алынат. Ага төмөндөгүлөр кирет: пара алуу,жем корлук уурдоо, шалаакылык, кызмат адамдарынын мамлекеттик же менчик мүлктү энчилеп алуусу; өзүнүн ырасмий статусун ырасмий эмес пайдалануунун натыйжасында өзү же башка бирөө үчүн мыйзамсыз пайда табуу (жеңилдик, артыкчылык алуу) максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Коррупция, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.