Телибай тентек - кыргыздын «Телибай Тентек» аттуу элдик жомогунун баш каарманы; ошол жомок каарманындай кылык-жоруктуу, жүрүш-туруштуу кишилерге карата айтылчу ылакап ат.
Телибай - Дадаңбай деген байдын баласы. Ал акылсыз, зөөкүр болгондуктан башынан мыскылдуу окуяларды өткөрөт; атасынын мал-мулкун бут жок кылып, аягында өзу өлүмгө учурайт. Тоголок Молдо «Телибай Тентек» жомогунун негизинде поэма жазган. Анда да Телибай акылынын жоктугунан кыпкызыл ысыган ташты «алтын» деп, кучактап кармайт да, ошондон күйүп өлөт. Тоголок Молдо поэмасынын аягын: «күйүп жатып жан берди, акмакты мындай ким көрдү?» деген жыйынтык менен бүтүрөт.
Жомокто да, поэмада да Телибай тентектин образы аркылуу бай-манаптын акылсыз балдары мыскылданат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Телибай тентек, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.