Жарык интерференциясы – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, жарык энергиясынын мейкиндикте кайра бөлүштүрүлүшү, башкача айтканда алардын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) күчөшү жана басаңдашы.
Жарык интерференциясы экранда же башка бетте жарык же караңгы тилкелер түрүндө байкалат. Когеренттүү толкундар гана жарык интерференциясын берет. Жарык интерференциясын алгач И. Ньютон байкаган, бирок ал өзүнүн корпускулалык теориясы менен бул кубулушту түшүндүрө алган эмес. 19-кылымдын башында англиялык окумуштуу Т. Юнг жана француз физик О. Френель жарык интерференциясын толкун кубулушу иретинде түшүндүргөн. Жарык интерференциясы нурлардын толкун узундугун өлчөөдө, заттардын спектр сызыгын, тыгыздыгын, сынуу көрсөткүчүн, оптикалык нерселердин сапатын жана башкаларды аныктоодо колдонулат. Интерференция кубулушунун негизинде оптиканын жаңы тармагы голография өнүгүүдө.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жарык интерференциясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.