Жөтөлгө каршы дарылар — жөтөлдү басаңдатуучу каражаттар.
Алар сүйрү мээде жльбюжлопраапощжайгашкан жөтөл борборуна басаңдатуучу таасир берет. Жөтөлгө каршы дарылар негизинен кургак жөтөлдө, өпкөдөн кан агууда, плевритте жөтөлдү басуу үчүн колдонулат. Бирок бул дарылардын химиялык түзүлүшү морфинге (Ооруну басаңдатуучу заттар) окшош болгондуктан ашыкча кабыл алуудан дарыга көнүгүп кетүүгө мүмкүн. Ошондуктан, жөтөлгө каршы дарылар дарыканадан атайын бланкка жазылган рецепт боюнча гана берилет. Жөтөлүп жаткан учурда врачтын айтуусу боюнча ар кандай таблетка дары-дармектерди же атайын жөтөлгө каршы сиропторду ичүүгө болот. Же ысык ваннага түшүү да пайдалуу, анткени парга киргенде дем алуу органдары тазаланып жеңилдеп калат. Ар күнү эртең менен бир аш кашык таза балды бир стакан кайнак сууга же суткө кошуп ачккарын ичүү да өтө пайдалуу.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жөтөлгө каршы дарылар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.