Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары - Кыргыз деген ат менен кошо жаралып, муундан-муунга мурас болуп келе жаткан ар түрдүү музыкалык аспаптарда кыргыз элинин ар кандай турмуштарын, кубанычтарын, кайгы-капаларын, махабаттарын, эрдиктерин, теңдиктерин ж.
б. жактарын күүгө салуу, ырга кошуу менен өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнө айкалышкан улуттук ладдарын, ритмдерин, обондорун, күүлөрүн изилдеп чыгышкан.
Кыргыздын элдик музыкалык аспаптарынын ар биринин өзүнө таандык үнү, аткаруу ыкмалары, кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар. Алар жөнүндө маалыматтар, оозеки элдик ырларда, уламыштарда жана дастандарда айтылат. Б, з. ч. 3- 5-8- жана 11-12-кылымдагы орус жана чет элдик саякатчылар менен илимпоздордун эмгектеринен да кездештирүүгө болот. Алгач аспаптарды жыгачтан, түрдүү өсүмдүктөрдөн, малдын териси менен сөөгүнөн, мүйүзү менен кылынан жасаган. Музыкалык аспаптарга обондорду чыгаруу менен бирге аларды жар чакырууда, жоокерлерди чогултууда, жоого аттанууда, улуу жеңиштерди даңктоодо, кабарлоодо, белги берүүдө, анды үркүткөндө, куш салууда ж. б. пайдаланган.
Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары үйлөмө (чоор түрлөрү-чопо чоор, ышкырык чоор, чогойно чоор, балтыркан чоор), сыбызгы, сурнай, керней, жалбырак, чыңырткы, зуулдак, барылдак, ышкырык, чымылдак, какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз), дилдирек, аса-муса, шалдырак, коңгуроо, жылаажын, жекесан, кылдуу чертме (комуз), тартма (кыл кыяк), урма (добулбас, добулбаш, доол, кабак, «каныш», «тарак») болуп бөлүнөт. көркөмдүктөгү көрүнүктүү чыгармаларды, спектаклдерди кинофильмдерди, адабият жана искусство боюнча илимий эмгектерди жараткан искусство тануучуларга, адабиятчыларга, искусство менен адабиятты өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого, тарбиялоого айрыкча салым кошкон композиторлорго, сүрөтчүлөргө, театр жана кино режиссерлорго, дирижёрлорго, драматургдарга, сценаристтерге, кинооператорлорго ж. б. адистерге берилет. Бул наамды алгачкылардан болуп П. Ф. Шубин, В. Я. Васильев, В. А. Власов, А. Куттубаев, А. Самарин-Волжский, В. Г. Фере, С. А Чуйков, III. Орозов ж. б. алышкан.
Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.