Орто Азия

Орто Азия — Азиядагы тарыхый-географиялык аймак.

Заманбап түшүнүгүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыйт.

Орто Азия
Орто Азия
Аянты

1 281 475 км²

Калкы

58 млн. ашуун адам

Жыштыгы

45 адам/км²

Курамында

4 өлкө
Орто Азия Кыргызстан
Орто Азия Тажикстан
Орто Азия Түркмөнстан
Орто Азия Өзбекстан

Убакыт аралыгы

+5 — +6

Интернет-домени

.kg, .uz, .tg, .tm

Ири шаарлары

Бишкек, Душанбе, Ташкент

Орто Азия
Орто Азия

Түшүнүк алгач Орусия империясында Орус Түркстанды белгилөө үчүн колдонулган. Анын чегинде Закаспий, Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Фергана жана Самарканд облусу курамындагы Түркстан генерал-губернаторлугу жана Орусия империясына көз каранды Бухара эмирлиги менен Хива хандыгы жайгашкан. 1917-жылы улам революциялардан Орусия империясы кулагандан кийин мурдагы Түркстан крайында (1886-жылына чейин Түркстан генерал-губернаторлугу) 1918-жылы Советтик Орусиянын курамында Түркстан АССР түзүлөт. Советтер Союзу учурунда 1924-жылы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү өткөндөн кийин жана 1936-жылына чейинки советтик мамлекеттүүлүк өнүгүшүнүн жыйынтыгында төрт биримдик республикасы калыптанат: Кыргыз ССР, Өзбек ССР, Тажик ССР, Түркмөн ССР. Алар Орто Азиялык экономикалык аймакты түзүшкөн. Мындан аларды «Орто Азия республикалары» деп айтып калышкан. 1924-жылындагы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшүндө Орто Азиянын айрым аймактары Казакстанга өтүп кеткен. Бирок совет доорунда Казакстан Орто Азия бөлүгү катары эсептелген эмес. Беш республиканы камтыган аймакты «Казакстан жана Орто Азия» деп аташкан.

«Орто Азия» түшүнүгүн көп маанилүү «Борбордук Азия» түшүнүгү менен адыштырбоо керек. 1990-жылдардын башында «Орто Азия» ордуна «Борбордук Азия» колдоно баштайт. Азыркы учурда ал түшүнүктөр бир бирин коштоп колдонуп келгендиги үчүн туура түшүнүү боюнча күмөн жаратып келет.

1992-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орто Азия саммитинде «Борбордук Азия» түшүнүгү пайдасына «Орто Азия жана Казакстан» түшүнүгүнөн баш тартууну сунуштады. ЮНЕСКО «Борбордук Азия» түшүнүгүнө башка аныктама берген. Ага ылайык Борбордук Азия айтылган өлкөлөрдөн тышкары Монголия, Батыш Кытай жана Түштүк Сибирди камтыйт. Бул аныктама география илиминде да колдонулат.

Орто Азия
Дүйнөдөгү бөлүгү Орто Азия

"Манас" эпосунда

Орто Азия — топоним . Кыргыз элинин маданий мурасы болгон "Манас", Семетей, Сейтек эпосторунда Орто Азия, Борбор Азия чөлкөмүндө жүздөгөн топонимикалык жер-суу аталыштары байма-бай жолугуп турат. Манастагы Орто Азия топоними Түндүк Сибирь, Түштүк Сибирь жерлеринин генеалогиялык байланышын камтыган окуяларды чагылдырат. кыргыздардын жана аларга жамаатташ элдердин мекени. Сагымбай жана башкалар илимий чөйрө менен тааныш манасчылардын варианттарында гана жолугат. Анткени бул аталыш Европалык окумуштуулардын эмгектеринде 19-кылымдын 1-жарымынан тартып гана колдонула баштаган. Мисалы, «Орто Азия жерибиз Орчун кыргыз элибиз» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 26-б.).

Географиялык реалияда Орто Азия Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстандын бүт аймагын, Казакстандын түштүк, түштүк-чыгыш жана ортолук (Арал-Эргиш суу бөлгүчүнө чейин) бөлүктөрүн камтыган табигый аймак. Орто Азия түштүгү жана чыгышы Иран, Ооган жана Кытай мамлекеттери, батышы Каспий жээктери, Үстүрт жана Мүгалжар тоолору менен чектелет. Саясий-акимий жактан Орто Азия аталган 4 республика гана кирет, Казакстан кирбейт. Орто Азия 1924—25 жылдары чейин Түркстан деп аталган.

Булактар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4

Tags:

АзияКыргызстанТажикстанТүркмөнстанӨзбекстан

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Сөз өзгөртүүНейронИнтернетКайра курууКыргыз улуттук оюндарыКоло дооруКыргыз эли колдонгон жазууларМухтар ШахановСооронбай ЖусуевЫсык-Көл облусуАкчаАк калпакЖалал-Абад облусуКөзУюлдук телефонКыргыз диалектологиясыТогуз коргоолЭхинококкозДүйнөлүк диндерӨмүр баянКызга карата тыюуларДүйнөнүн жети кереметиЭлебаев МукайБайыркы кыргыздарКыргыз автономиялуу облусуТыйын чычкан сымалдарТоп ташКан группаларыКасымалы БаялиновЭкономикаТүрАбдыкерим СыдыковТактоочУйкашВитаминдерЭволюцияБиологияЧакчылМектепЖезБүркүтАк кеме (тасма)Программалык жабдыкЖол кыймылынын эрежелериБеш жылдык пландарДефектологияЖоомарт БөкөнбаевБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыКиринди сөзКылмышАпта күндөрүЭсептөөнүн ондук системиКурулуш материалдарыМиграцияКыргыз Каада-салттары / Үйлөнүү үлпөтүТалас дарыяАарыАмир ТемирКитепТукум куугучтукТолкунОсмонкул БөлөбалаевАт атоочКызамыкБатыш түрк кагандыгыКонстантин УшинскийУлуу жибек жолуКалый МолдобасановДаван мамлекетиИскусство таанууУлуу Кытай дубалыЖакыпбеков АшымЛексикаКомпьютерИсхак РаззаковПсихология🡆 More