Ахунбаев Иса Коноевич - хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), профессор (1949), СССР МИАнын корреспондент мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана туңгуч президенти (1954-60).
9. 1908, Ысык-Көл облусу , Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы - 5. 1. 1975, Фрунзе] - хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), профессор (1949), СССР МИАнын корреспондент мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана туңгуч президенти (1954-60). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмгек Сиңирген ишмери (1974).
Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган.
Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген.
Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-37).
1937-39-жылдары жазыксыз жерден Сталиндик абакта камалып жаткан.
Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941) болгон.
1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948-52-жылы КММИнин директору.
1952-54-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы болгон.
1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон.
Илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган.
Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюшгурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган.
230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинен 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан.
Австралия, Франция, Грекия, Канада жана башка мамлекеттерде илимий докладдарды окуган.
СССР Жогорку Советинин 2-4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6 шайланышынын депутаты болгон.
Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын УИАнда Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген, Бишкек шаарынын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иса Ахунбаев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.