Эмгек ырлары – элдик оозеки адабияттагы эмгек процессинин жүрүшүндө ырдалуучу лирикалык мүнөздөгү ырлар.
Эмгек ырларынын негизги максаты – элдин оор эмгегин жеңилдетүү, эмгек куралдарына демөөр берүү, эмгектин натыйжасына карата адамдардын үмүт – тилегин чагылдыруу.Махмуд Кашкарлыктын «Түркий тилдер сөз жыйнагы» деген эмгегинде түрк урууларынын эмгек ырларынын алгачкы үлгүлөрү берилген. Эмгек ырлары – оозеки чыгармачылыктын эң байыркы көрүнүшү. Эмгек ырлары жумуштун түрлөрүнө карай жаралган. Мергенчилик кылуу, кийим бычып – тигүү, жаргылчак тартуу, эгин себүү – бастыруу мезгилинде, уй сааганда, жылкы кайтарганда ошол иштердин мүнөзүнө, ритмине карай аткарылган. Эмгек ырларына кыска – кыска ыргак, ачык – даана көрүнгөн уйкаш, ар кандай кошумча сүрөттөөлөр, обондуулук мүнөздүү болуп, көбүнчө жамаатташкан мөнүздө аткарылган. Элге кеңири белгилүү эмгек ырлары – «Оп майда», «Бекбекей», «Шырылдаң», «Тон чык».
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эмгек ырлары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.