Кыргыз Элинин Оозеки Чыгармачылык Тарыхынын Очерки

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки – аттуу эмгекте элдик оозеки чыгармалардын ар кыл жанрлары боюнча изилдөө иштери топтоштурулган.

Жыйнакты түзүүдө, негизги макалаларды жазууда белгилүү фольклористтерЖ. Субанбеков, С. Мусаев, Р. З. Кыдырбаева, Ж. Таштемиров, С. Закиров, Б. Кебекова сыяктуу окумуштуулар чоң эмгек жасашкан. Мында эмгек ырлары, ырым жана дарымдар, миф жана легенда, Үйлөнүү үлпөт ырлары, дин ырлары, сүйүү ырлары, кошок, арман, санат, терме өңдүү темаларга арналган чыгармалар боюнча көптөгөн далилдик материалдардын негизинде изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул эмгектен кыргыз элинин өткөндөгү тарыхынан, маданиятынан, салт-санаасынан кеңири түшүнүк алууга болот. “Кыргыз эпостору” аттуу бөлүмдө “Манас”, “Эр Төштүк”, “Жаныш, Байыш”, “Курманбек”, “Эр Табылды”, “Жаңыл Мырза”, “Кожожаш”, “Мендирман”, “Саринжи Бөкөй”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Кедейкан” сыяктуу эпосторго кеңири орун берилип, алардын идеялык, көркөмдүк касиеттери таржымалданган.

Өзгөчө, “Манас” үчилтиги ар тараптан иликтенип (тарыхыйлуулугу, образдар системасы, поэтикасы ж. б.), жыйнактын кыйла бөлүгүн ээлейт. Ошондой эле изилдене элек эпикалык чыгармалар боюнча жалпы серептер берилип, аларды изилдөөнүн зарылдыгы жана жалпы багыттар белгиленген. Жыйнактын аягында “1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү элдик поэзияда”, “Кыргыз элинин Советтик доордогу оозеки чыгармаларынын өсүү жолдору” өңдүү макалалар берилип, анда, ошол учурларда пайда болгон чыгармалардын жалпы мүнөзү, маани-мазмуну, көркөмдүгү жана алардагы элдик эстетиканын чагылдырылышы чечмеленет. Жыйнактагы материалдар Советтик идеологиянын обонунда жазылгандыктан, фольклористика илими талап кылган айрым негиздер бузулган учурлар кездешет.

Идеологияга кайчы келген айрым элдик түшүнүктөр жымсалдатылган же такыр эле сөзгө алынган эмес. Алсак, дин ырлары туурасында аларды бирбеткей каралоо, коомго каршы коюу тенденциясы орун алган. Ошондой эле эпосторду талдоодо, аларга баа берүүдө мезгилдин саясатына баш ийдире анализдешкен. Марксизмдин классиктеринен искусство, көркөм адабият, фольклористика боюнча айткан жол жолболоруна, тезистерине өзгөчө баа беришип, ошолорго таянган изилдөөлөр орун алгандыктан, албетте, бул эмгек азыркы күндө баштагыдай күчүн, сапаттык деңгээлин сактай албады. Анын үстүнө ал фольклористика илиминин азыркы жетишкен деңгээлине, талаптарына жооп бербей, илим сапаты да төмөндөдү, моралдык жактан эскирди. Ошондой болсо да, бул эмгек кезиндеги жогору бааланып, фольклористикага кызыккандардын: мектеп мугалимдеринин, ЖОЖдордун филолог мугалимдеринин, студенттердин, аспирантардын табылгыс окуу куралы болуп келгендиги, ал азыр да өз сапатын таптакыр жоготуп коё электигин танууга болбойт. Себеби, фольклористика илими көбүнө консервативдик мүнөздө болуп, мезгилдик идеологияларга тиешеси аз болот. Андыктан, ошол учурда айтылган пикирлердин көп-чүлүгү азыр да жарактуу. Айрыкча элдик чыгармалардын көркөм түзүлүшү, жанрдык табияты туурасындагы пикирлер ушул топто да өз кунун жоготкон жок. Албетте, кийинки учурлардагы изилдөөлөр “Очерктин” кайталап калган жок, алар элдик чыгармалардын идеялык жактарын учур талабына ылайыктап, ошол эле учурда мурда айтылган негиздүү пикирлерди андан ары тереңдетишти.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Tags:

АрманЖаныш-БайышЖаңыл МырзаЗакиров СапарбекКожожашКошокКурманбек эпосКыдырбаева РаисаЛегендаМанасМифМусаев, СамарСанатСаринжи-БөкөйСубанбеков ЖүрсүнТаштемиров ЖакиФольклорЭр ТабылдыЭр Төштүк

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Чыгыш АзияКыргызстандын тышкы саясатыКылым карытар бир күнИманалиев Элмирбек КалиловичЛюдвиг ван БетховенПедагогика«Букара» биримдигиКыргызстандын КонституциясыКыргызстандагы таш дооруВитаминдерОмонимМухаммед пайгамбарҮй-бүлө1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириКыргызстандын туусуЖусуп БаласагынТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүКызыл алма (тасма)Бизнес-планСан атоочКыргыз киносуӨзбекстанГигант планеталарЖыйырма сегиз панфиловчуларАвстралияЖайлооКитептин тарыхыКөп маанилүү сөздөрЭлектр кыймылдаткыч күчүЖаш манасчыларКыргызстандагы коло дооруЖаныбарКитепКөк жөтөлАк кеме (тасма)Кыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыИскактын көтөрүлүшү (1873–75)Ош коогалаңы (1990)ПрокуратураӨмүр баянАкынПсихологияВикипедияАндронов маданиятыЖеңиш КүнүКыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)Токтогул СатылгановПлазма«Манасчылар»Өз алдынча разрядОктябрь революциясыСүмөлөкЫктымалдуулук теориясыБасымТериСадыр ЖапаровПолот ханЖукеев ТабылдыТалас облусуПроекцияКылмышКыргыз Республикасынын президентиHTMLУкук бузууТаң алдында (роман)Токтогул ырчыСтилистикаДан өсүмдүктөрүКемтик сүйлөмЕвропаКедейкан (эпос)ЭмгекКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыПирамида (геометрияда)ИталияМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыКурманбек эпосу«Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору🡆 More