Марксизм – башатында К.
Маркс жана Энгельс, андан кийин 19-кылымдын акырында жана 20-кылымда ар кайсы өлкөлөрдө алардын көп сандаган жолун жолдоочулар болгон. Марксизм капиталисттик цивилизациянын карама-каршылыктарын сын көз менен ой жүгүртүүнүн натыйжасы катары келип чыккан. Теориялык жактан ал үч негизги булактан – немистик классикалык философиядан (Гегель, Фейербах), англис классикалык саясий экономиясынан (Смит, Рикардо) жана француз утопиялык социализминен (Сен-Симон, Фурье) келип чыккан. Коомду түп тамырынан кайра өзгөртүүнү – капитализмди жоюну жана аны коммунисттик формация менен алмаштырууну максат кылып, Марксизм ушул 3 философиялык, экономикалык жана социалдык-саясий жүйөөлөргө негизделет, ушуга байланыштуу анда адатта 3 курамалык бөлүк айырмаланат: философия, саясий экономия жана социализм жөнүндө окуу (же илимий коммунизм).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Марксизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.