Кошок– элдик оозеки чыг-лыктагы каадасалт ырларынын бир түрү.
Дүйнөдөн өткөн адамдын жакындары — аялы, кызы, карындашы, келини ж. б. тууган-туушкандары К-ту өзгөчө обон менен ый аралаш айтышкан. Анда каза болгон адамдын кулк-мүнөзү, ишмердиги, адамкерчилиги, башка асыл сапаттары билдирилген, айрым сатиралык мүнөздөгү К-тордо маркумдун терс сапаттары да айтылган. Белгилүү кошокчулар чоң кадыр-баркка ээ болушкан. Аларды атайылап алдырып, коштурушкан. К. ОрхонЕнисей жазууларында, Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгүндө», элдик эпостордо учурайт. Ктун акындар тарабынан чыгарылган мыкты үлгүлөрү да бар (мисалы, Тоголок Молдонун «Дыйкандын аялынын кошогу», «Устанын аялынын кошогу»). Элдик салт боюнча кыз бергенде да кошушкан. К. азыркы учурда прозалык, поэтикалык, драмалык чыгармаларда айрым турмуштук көрүнүштөрдү чагылдыруу, образды айкыныраак ачуу, тексттин маани-маңызын тереңдетүү максатында колдонулат (мисалы, Ч. Айтматовдун «Гүлсарат» повестинде, ошондой эле «Кылым карытар бир күн» романындагы Найман-эне жөнүндө гү уламышта ж. б.).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кошок, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.