Кыргызстандын Туусу

Кыргызстандын туусу, расмий түрдө ― Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ― Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгилеринин бири.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу
Кыргызстан

Кыргызстандын Туусу

Кайталап
бекитилген

20-декабрь 2023

Желектин автору

Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков

Желек

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынокоумуын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. Ар бир өлкөнүн өз доорунун желеги болот. Биздин желегибиз абдан кооз. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан символдор. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу - дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгинелеп турат.

Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

2023-жылдын 22-декабрында өзгөртүлгөн. 2024-жылдын 1-январында жогорку кеңеш тарабынан кабыл алынган желектин туура эмес үлгүсү илинип,нааразычылык жараткан. Ал эми 2024-жылдын 8-январында Ала-Тоо аянына расмий түрдөгү туу илинген.

Түстүн модели
Цвет PANTONE CMYK RGB HEX
Кызыл PANTONE 1788 C 0-100-100-0 255-0-0 #ff0000
Сары (Алтын түс) PANTONE Yellow C 0-0-100-0 255-255-0 #ffff00

Тарыхый желектер


Дагы караңыз

Шилтемелер

Tags:

Кыргызстандын Туусу ЖелекКыргызстандын Туусу Тарыхый желектерКыргызстандын Туусу Дагы караңызКыргызстандын Туусу ШилтемелерКыргызстандын Туусу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Багыныңкы сүйлөмБазарЭтиштин чактарыМексикаГепатит АУсубалиев Турдакун УсубалиевичЭкономикаШамалЖайыл баатырИсландияТехнологияВикипедияНаристе балдарЖоопкерчиликАлфавитМамлекеттердин тизмесиПродуценттерТүрк кагандыгыМолдоваТабият кырсыктарыКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыАкындар поэзиясыСуфизмЖандоочМаркетингДем алууБал аарыВест-ИндияЖеңиш КүнүБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрМукай ЭлебаевБаскетболБүбүсара БейшеналиеваКөзкамандарЖакыпбек Ниязбек уулуАлай өрөөнүКыргызстандагы металлдарӨмүр баянКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиАмин кычкылдыктары (аминокислота)Сүймөнкул ЧокморовШүкүрбек БейшеналиевЛазерНарын мамлекеттик коругуТөлөгөн КасымбековЭлектр энергетика системасыСыдык уулу ОсмонаалыИнтернетРельефтин жалпы мүнөздөрүКитептин тарыхыФизикалык чоңдуктардын бирдиктериБышыктоочГеографиялык улуу ачылыштарСырдык сөзСоветбек БайгазиевБанкСолтоноев Белек Солтонкелди уулуМанап бийШарКүн тутумуСоциалисттик эмгектин баатырларыКеңештер БирлигиКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиБелокЖүрөктүн ишемия оорусуСинтетикалык каучукМыйзамБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарСүйлөм мүчөлөрүТике сөзЭлектр каршылыгыБюджетКан группаларыКыргыз сомуБаяндооч🡆 More