Табигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсү – адамзат турмуш-тиричилик өткөргөн айлана-чөйрөнүн табигый бөлүгү; адам баласын курчаган жаратылыштын бөлүгү, айлана-чөйрөсү.
Ал адамды курчап турган жандуу жана жансыз жаратылышты, анын ичинде адам баласынын таасири тийбеген, ошондой эле түрдүү деңгээлде антропогендик өзгөрүүлөргө дуушарланган, бирок өз алдынча табигый өнүгүүсүн токтотпогон же жарым-жартылай өнүгүүсүн жоготкон (мисалы, арасынан кыйылып кеткен токой массиви, аңыз жерлер, кырылуудан сакталып калган жапайы айбанат популяциясы ж. б.) чөйрөнү бүт камтыйт. Адам баласынын таасиринен түп тамырынан бери өзгөргөн табият, башкача айтканда жасалма жол менен пайда болгон техногендик чөйрөнүн айрым элементтери (мисалы, таштанды каналдар, парктар, тоо-кен таштандылары ж. б.); эгерде адам баласы алардын абалына дагы кийлигишпесе, анда алар бара-бара табигый чөйрөнүн бир бөлүгү болуп кетиши да мүмкүн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Табигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.