Коло доору — болжол менен биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил.
Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын жана согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк Иран, Түркия жана Месопотамиядан биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкка таандык эң байыркы коло куралдар табылган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын аягынан), Индияда (биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягынан), Кытайда (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунан) жана Европада (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктан) пайда болгон. Америкадагы Коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу жана Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (биздин замандын 6-10-к.) металлургиянын борбору болгон. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү болгондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди мекендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азиянын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Казакстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесип кылган урууларында биздин заманга чейинки 17-14-кылымда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кышаарынан, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдар жана «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында биздин заманга чейинки 12-8- кылымда Коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Коло доору, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.