Каакым — көп жылдык чөп өсүмдүк.
Суу жээгинде, жолдун боюнда, огороддо, талаа-шалбааларда жана башка жерде өсөт. Медицинада каакымдын тамыры дары катарында колдонулат. Элдик медицинада кургатылган тамырын жана чөбүн демдеп өт баштыкчасынын оорусуна жана тамакка табитти жогорулатуучу дары катары, ошондой эле тамак сиңирүү бездеринин секрециясын ылдамдатуу үчүн да колдонулат. 10 г чөптү жана тамырын бир стакан кайнак сууга чылап тундуруп, чыпкалап күнүнө 5—6 жолу кашык менен ичет.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Каакым, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.