Туберкулёз

Туберкулёз (лат.

tuberculum - бүдүрчө, дөңчө), кургак учук - кишинин, малдын көбүнчө өпкөсүндө жана лимфа түйүндөрүндө сезгенүүдөн пайда болгон майда бүдүрлөр менен мүнөздөлгөн жугуштуу оору.

Туберкулёз өнөкөт түрүндө өтөт. Кишинин Туберкулёзун фтизиатрия изилдейт. Бул оорунун жугуштуу экенин 1882-ж. немис окумуштуусу Р. Кох таякчага окшош, козгогучун тапкан. Ал Туберкулёз микробактериясы (ТМ) деп аталат. ТМ оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, күлгөндө чачыраган какырык жана шилекей, ошондой эле тамак-аш аркылуу жугат. Какырыктагы ТМ сырткы чөйрөгө туруктуу болгондуктан, кийимде жана буюмдарда көп убакыт сакталат. Кишинин оорушуна турмуштун оорчулугу, нерв системасынын чарчашы, ичкилик ичүү, кээ бир оорулар (диабет, бронхит ж. б.) жетишсиз тамактануу ж. б. себеп болот.

Туберкулёз менен көбүнчө иммунитет өөрчүй элек кичине балдар, нерв жана эндокрин системалары туруктуу боло элек жаш өспүрүмдөр, улгайган кишилер ооруйт. ТМ аба аркылуу жукса, өпкө Туберкулёзун (кургак учук) козгойт. Мында өпкөнүн микробактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин катуу кабык менен капталат да, акырындап, кальций туздары топтолот. Анда оорулуу бат чарчайт, түнкүсүн тердейт, жөтөлөт (көбүнчө кургак жөтөл), кан түкүрөт, эти ысыйт, уйкусу, кыялы бузулат, какырыктан Туберкулёз таякчалары табылат.

Өпкө Туберкулёзун аныктоодо рентгендик диагностиканын мааниси чоң. Өпкө ооруларын өз убагында жана толук дарылабагандыктан да, өпкө Туберкулёзу пайда болот. Ошондой эле лимфа жана кан тамыр аркылуу муундарга, сөөктөргө, мээ кабыгына, бөйрөккө ж. б. органдарга таркашы ыктымал. Лимфа бездеринин Туберкулёзунда алардын көлөмү чоңоёт, ооруйт, үстүндөгү тери жукарып, кызарат. Оору күчөгөндө бездер ириңдеп жарылат да, айыккандан кийин тырык калат. Ичеги, карындын, лимфа бездеринин Туберкулёзу перитонитке алып келиши мүмкүн.

Муундардын Туберкулёзунда (мис., коксит) муундун кыймылы начарлап, басканда ооруйт. Омуртка тутумунун Туберкулёзун өз убагында дарылабаса, бүкүр болуп калышы мүмкүн. Дарылоодо Туберкулёзго каршы дарылар, кээде пневмоторакс, санаторий режими ж. б. колдонулат. Алдын алуу үчүн мамлекеттик жана коомдук деңгээлде алдын алуу чаралары өткөрүлүп, өздүк гигиенаны сактоо, үй-бүлөдө Туберкулёз менен ооругандарды өзүнчө бөлмөдө кармоо, оорулууларды өз убагында ооруканага жаткыруу зарыл. Жаңы төрөлгөн балдар БЦЖ вацинасы менен эмделет, 30 жашка чейинкилерди кайрадан эмдөө жүргүзүлөт. БЦЖ менен эмдөө элдин 80% ин оорудан сактайт. Оорулуу менен байланышта болгондорго дары менен хим. алдын алуу жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

Оору

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ФонетикаОрто кылымдардагы чыгыш жазуу эстеликтериЭмгекКожожашHTMLБарсбек каганОозул (стоматит)Калыгул Бай уулуСалыкЖакиев БексултанКыргыз музыкасыКөгүчкөнЖылкыКоёндор жапайыКалп(адабият)Даникеев, ӨскөнКыргызстан жол белгилериГенетикаОрдо оюнуСууЖалал-АбадРуханий маданиятЫктымалдуулук теориясыОрто АзияГезитКалдыксыз технологияКыргызстандагы жаныбарларКурт-кумурскаТемирКычкылтекЖылдызЭтикаХимияАдабият тектериАк Мөөр (поэма)Баш мүчөЫсык-Көл ойдуңуМихаил ГлинкаФантастикаЖарандык согушКеплер мыйзамдарыАмерикаБраузерМээрим ЖуманазароваТүлөбердиев ЧолпонбайӨзгөчө кырдаалЭкономикаКоомБайыркы кыргыздарДинамика (механикада)Үнсүз тыбыштарАлай тоо кыркасыБиоценозКасым ТыныстановБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыӨзбекстанӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиКеңештер БирлигиЭлектролизКалийУкук бузууКызыл китепАк куйруктуу суу бүркүтМоңголияТиричиликГлюкозаЭклиптикаЖезТыныш белгилериӨпкөАлмаАракечтикБөрү жатышКан тобуЭркин түшүү ылдамдануусуБөлүкчөУй🡆 More