Семетей Эпосу

Абай эпосу — Манас эпосунун экинчи бөлүмү.

"Манасты" түздөн-түз уланткан бул эпос көп варианттуу, башкача айтканда бүгүнкү күндө жыйырма беш адамдан жазылып алынган ар кандай көлөмдөгү материалдар Кыргыз республикасынын Илимдер академиясынын кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүндө сакталып турат (С. Каралаев, 925—953-инв. 316157 ыр сап; М. Чокморов, 218,221—248-инв. 71609 ыр сап; Ш. Ырысмендеев, 865—878-инв. 42338 ыр сап; Б. Абдыракманов (Тоголок Молдо), 838—841-инв. 1027 ыр сап; Б. Сазанов, 165 — 175-инв. 67704 ыр сап; Ы. Абдыракманов, 184 — 188-инв. 23584 ыр сап жана башкалар) "С". э. сүрөттөгөн окуяларынын мазмуну катышкан каармандарынын иш-аракети боюнча "Манас" эпосунун генеалогиялык уландысы. "С". э "Манас" бөлүмүнө караганда бизге бир топ жакынкы мезгилди, патриархалдык-феодалдык түзүлүш күч алган учурду чагылдырат. Эпостун негизги өзөгүн түзгөн салттуу окуялар (байыркы доорлорго таандык көрүнүштөр жана кийинки доорлорго мүнөздүү айрым элементтер) калыптанганга чейин эволюциялык түрдө өнүгүп, өзгөрүүлөргө учураган. "Манастын " монументалдуулугу ар дайым эле эпосту баштан аяк айтууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Тигил же бул эпизоддор угуучулардын талабына ылайык аткарылып, эл арасында дайыма айтылып жүргөн үзүндүлөр жогорку көркөмдүк деңгээлде болсо, айрымдары кыскача мүнөздө баяндалган. Бирок, эл ичинде "С". э-нун сюжети негизинен толук калыптанган. Анын өзөгүн түзгөн салттык туруктуу окуялар: атасы өлгөн жаш баатырдын качып барып таятасынын колунда өсүп, тарбияланышы; эр жеткен соң өз элин таап, атасынын ордун ээлеши; Айчүрөккө үйлөнүшү; атасынын өчүн алышы; Канчоронун кастыгы менен Кыястан жеңилиши. Саналган эпизоддор эпостун бизге белгилүү варианттарында дээрлик учурайт. Ырас, түрдүү варианттарда бул же тигил окуянын алда канча кеңейтилип берилиши (мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында Коңурбайдан кун куу) же схемалык түрдө кыскартылып айтылышы жолугат. Эпостогу башкы салттык туруктуу окуя — баатырдын төрөлүшү жана балалык чагы. Айрым деталдык майда көрүнүштөрдү эсепке албаганда эпизод варианттардын басымдуу көпчүлүгүндө негизинен бирдей. Ал эми айырмачылыкты түзгөн майда деталдар чыгармадагы окуялардын өнүгүшүндө, теманын багытында, идеянын ачылышында анчалык мааниге ээ эмес. Бул эпизод Саякбайдын, Тоголок Молдонун , Акмат Рысменде уулунун варианттарында жана Радлов жазып алган вариантта окшош. Бирок, Радлов жазып алган вариантта Манас өлгөндөн кийин Каныкейди алмакчы болуп Меңдибайды арага салган Абыке, Көбөштөргө Каныкей боюндагы бала кыз төрөлсө тиерин, эркек болсо тийбей тургандыгын билдирет. Демек, бул вариант боюнча Манас өлгөндө Семетей али төрөлө элек. Башка варианттардын баарында (Сагымбайдын "Манасында" да), Семетей Манастын көзү барда эле төрөлөт. Бардык учурда тең Абыке, Көбөштүн Каныкейди талап алышы, Семетейдин таятасынын үйүндө чоңоюшу баяндалат. Эпостун түшүнүгүндө атасынын көзү тирүүсүндө төрөлүп, өтө жаш жетим калган бала менен али курсакта калган баланын принципиалдуу айырмасы жок. Бийлик үчүн аёосуз күрөш жүргөн феодалдык уруу түзүлүшүнүн учурунда андай балдардын экөөнүн тең өмүрүнө зор коркунучтун болушу адаттагы көрүнүш. Болгону — мурасчы балага уруулаш-туугандарына — анын атасынын мурасына акысы бар адамдарга караганда, энесинин төркүнү тарап алда канча жакын. Анткени, алардын балага туугандык байланышы болуу менен бирге алар калыс, мураска кызыкчылыктары жок, тескерисинче, салт боюнча баланын эр жетишине көмөктөшүп, энчи берип жардамдашууга, ал турмак керек болсо үйлөндүрүүгө милдеттүү. Ошон үчүн алар жетимдин атадан калган мурасына көз артпайт, кайра ошол мурастын баланын өзүнө тийишине тилектеш. "С" э. чагылдырган тарыхый шарттын талабы ушундай. Кыскасы, "С" э-нда негизинен патриархалдык-феодалдык доордун типтүү салттары реалдуу мүнөздө чагылдырылып, түшүнүк, көз караштардын калдыктары, образдардын ичиндеги байыркылары (жөө жомоктук, мифологиялык-фантастикалык) да орун алган. Элдин эски учурлардагы көз караш, адат-салтынан кабар берген элементтер менен бирге кийинки түшүнүктөр бар. Албетте, мындан улам эпос чагылдырылган доорду белгилөө мүмкүн эмес экен деген корутунду чыгарууга, же эпостун мазмунунда кандай учурлардын изи сакталса чыгарма чагылдырган мезгил деп ошолордун баарын эсептөө зарыл дешке болбойт. Эпостогу чагылдырылган негизги өзөк окуялар жаралган учур ошол чыгармадагы доор катары эсептелет. Ал башкы өзөккө түрдүү учурларда, түрдүү себептер менен кошулган башка мезгилдерге таандык материалдар жардамчы милдетти аткарат. Мындай көрүнүш айрыкча эпостук чыгармага мүнөздүү. "С" э. чагылдырган доордун мүнөзүн тактоодо чыгармада сөз болгон элдин маданий-материалдык байлыгы, өнөр кесиби жана башкалар да чоң мааниге ээ. "С". э-нда курал-жарактын ар кандай түрлөрү, чарбалык буюмдар кеңири колдонулат. Баалуу буюм, мүлк катары алтын, күмүш көп эскерилет. Элдин жашоо тиричилигинде натуралдык чарба негизги орунда. Бул абал В. И. Лениндин феодализмдин эң урунттуу белгилеринин бири катары натуралдык чарбаны көрсөткөн белгилүү пикирин ырастап турат. Кол өнөрчүлүк, айрыкча аялдардын уздугу даңазаланат. Маселен, Аколпоктун жасалышынын сүрөттөлүшүнүн өзүнөн эле кол өнөрчүлүккө эпосто кандай орун берилгендиги даана байкалат. Ошондой эле жоокерчиликке байланышкан курал-жарактар да канчалык эмгек менен бүткөрүлгөндүгү кайра-кайра эскерилип, өзгөчө баяндалат. Бийлик, байлык бардыгынан жогору коюлуп, демилге ага арналып турган ошол коомдук шартта мурдагыдай уруулук-туугандык белги чечүүчү мааниге ээ эмес. Жеке кызыкчылык башкы ролду ойноп, жакындардын өз ара мамилеси да байлыкка, мансапка багытталган.

Семетей Таласка көчүп келгенден кийин Манастын түздөн-түз мурасчысы катары туугандары менен атадан калган мал, мүлк, уруу ичиндеги укук үчүн күрөшсө, күрөштүн кийинки, экинчи этабы уруулар арасындагы таасир, укук үчүн жүргүзүлөт. Патриархалдык уруу түзүлүшүнүн калдыгы, көчмөн элдердин эпикалык чыгармалары жигит күтүү салты эпосто кийинки шартка жараша идеализациялангандыктан, Саякбай Карала уулу Семетейди кырк чорого дайыма эле жандата бербейт (Тоголок Молдо болсо Семетей алгачкы ирет элине келгенде эле Бакай асырап багып жүргөн мурдагы чоролордун балдары менен жолуктурат). Манасчы кээде майда көрүнүштөргө көп көңүл бурбаганы менен сюжетинин толуктугу, окуяларынын кызыктуулугу боюнча, баатырдык мотивдердин эпикалык арымда сүрөттөлүшү жагынан башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Маселен, Семетейдин сырткы душманы Коңурбай менен болгон согуштук эпизод эң жогорку көркөмдүк ык менен сырттан келген душмандын коркунучтуулугун, күчтүүлүгүн, аны жеңген баатырдыкты, адептүүлүктү даңазалайт. Кыскасы, сүрөттөлүшү жагынан "Манастагы" "Чоң казатты" эске салган бул согуш ата-бабанын кунун куугандыкты далилдейт.

Эпикалык салт боюнча "С". э-нун окуясы да "Манастагыдай" эле баатырдын өлүмү, элдин оор азапка түшүшү, бүлөсүнүн куулуп, сүрүлүп жоо колуна кетиши менен бүтөт. Ошондуктан эл башына түшкөн оор кайгыны жеңилдетүү максатында Семетейден туяк калтырылат. Мындан Манас баатырды эл канчалык деңгээлде кадырласа, анын уулун да андан төмөн баалабагандыгы сезилип турат. Элдик оозеки чыгармачылыктын поэтикалык күчү Семетейди бир нече ирет өлүмдөн сактап, акырында аны өлбөс каарманга айландырып, түбөлүк өмүр тартуулайт. "Манас" эпосунун ар бир бөлүмү ар башка доордогу көз карашка, талапка, шартка карай жайгаштырылып, бир темага, бир идеяга баш ийдирилген көркөм оозеки чыгарманын сонун үлгүсү катарында бирдей кызыктырат. Алардагы айтылган ой, көтөрүлгөн идея генеалогиялык байланыштагы Манас, Семетей, Сейтек өңдөнгөн көркөм образдар аркылуу бекемделет. Адатта андай баатырлардын өмүр баянын, аракетин баяндоодо эпостогу мурдагы муунга таандык айрым окуялар улантылып, айрымдары жаңыдан киргизилет. Чыгарманын жалпы идеясы кийинки муундар жашаган доорго, мезгилге жараша жаңы түс алат. Элдик оозеки көркөм чыгармалыктын жалпы мыйзамдарына ылайык ар бир эпос өз элинин басып өткөн түрдүү тарыхый доорлорунун белгилерин өзүнө сиңирип, улам кийиндеген сайын жандуу организм катары ага жаңы катмарлар кошула берет. Андай жаңы "толуктоолор" эпосто элемент түрүндө болуп, чыгарманын салттуу окуялары чагылдырган доорду белгилөөдө, жалпы эле эпостун идеялык багытын, каармандардын образын тактоодо "С". э-нун негизги өзөк окуялары чагылдырган тарыхый шарттан кийинки учурларда кошулган толуктоолор жөнүндө эскербей коюшка болбойт. Анын үстүнө бул чыгармадагы андай толуктоолор бир топ орчундуу. Алардын айрымдары эпостун жанрдык белгисине да таасирин тийгизип турат. Мисалы, "С". э. жалпы салтка ылайык духу боюнча баатырдык эпос. Бирок анын мазмунунда элдин тарыхый чыгармачыл өсүшүнүн кийинки учурларынын талабына ылайык орун алган айрым турмуштук көрүнүштөр, түшүндүрмөлөрдөн кыргыз эпосторуна сейрек киргизилген жаңылыктын бар экендигин байкоого болот. Аны төмөнкүлөрдөн көрөбүз. Семетейдин керт башына, бүлөсүнө, уруусуна таандык мамилелер, туугандар арасындагы ык келишпестик биографиялык сызыкта улантылып, сүйүү мотиви кошулат. Семетей менен анын кудалаган колуктусу Айчүрөктүн ортосундагы мамиле баатырдык-романтикалык мүнөздө берилип, жомоктук-фантастикалык мотив коштойт. Аны эпикалык өнүгүштүн кийинки жаңы баскычы катары феодалдык коомдун фонундагы каармандын баатырдык менен жетишкен даңазалуу сүйүүсү жөнүндөгү кызыктуу сюжет чындайт.

Кийинки эле доордун продуктусу эсептелип жүргөн батыш өлкөлөрдөгү рыцардык романдар сыяктуу эле романтикалык эпостордогу сүйүү маселесине арналган кеңири тараган сюжет Орто Азия элдеринин эпосторунда да көп учурайт. Мына ушул сюжет "С". э-на да таандыктыгы аны батыштагы романтикалык эпосторго, Орто Азия элдериндеги баатырдык романтикалык эпосторго типологиялык жактан окшотуп турат. Ырас романтика байыркы баатырдык үйлөнүү темасынын андан аркы өнүгүшү эмес, көбүнчө эпоско өзүнчө жаңы тема, жаңы бир мотив катарында да ачылат. Өзбек эпосторундагы сыяктуу өз алдынча айрым бир чыгарма катарында жашайт.

Эпостун "Манас" бөлүмүнө караганда "С". э. лирикалык мүнөздөгү чыгарма катарында, биринчи бөлүктөгү айрыкча баатырдыкты даңазалоодон айырмаланып, көбүнчө кадимки жай турмуштагы элдик үрп-адат, салт, сүйүү кырдаалдары баатырдык духка ширетилип, бир эле чыгармада кыналышып калыптанган. Бул айрыкча Семетей менен Айчүрөктүн окуясы аркылуу далилденет. Садыков Ардак манна барные окуп чыккан.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Семетей эпосунда 536 каарман бар. Алар Семетей,Айчүрөк,Күнчоро ж.б.

Tags:

АбыкеАйчүрөкАколпокКанчороКаныкейКаралаев, СаякбайКоңурбайКыясКөбөшМанас баатырМанас эпосуРадлов, Василий ВасильевичСеметейТоголок Молдо

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз мамлекетиКызга карата тыюуларТажикстанКөркөм адабияттын түрлөрүЛексикологияКыргыз диалектологиясыПублицистикаКыргыз Республикасынын экономикасыГерманияМолдо НиязHTMLМетонимияТыбышКызылча (оору)Маалымат технологиясыТүркияСоциологияЗат атоочНеологизмФранцияКөк жөтөлМүнөз (психология)Дидактикалык оюндарДифференциацияланган окутууКанЖандоочБорбордук нерв системасыАк батаБиологияСаякбай КаралаевКыргызстандын дары сууларыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Курактык өзгөчөлүкӨзгөн районуДивану лугати т-туркОрусияДилбаянБатыш түрк кагандыгыАнжиян көтөрүлүшүТабиятКылмышОрто кылымдарДекларация (жарнак)БийликКалыгул Бай уулуЖасалма интеллект деген эмне?Арстанбек Буйлаш уулуРельефтин жалпы мүнөздөрүМанастын туулганыМектепке чейинки тарбияАзияБасыз, урууҮндүү тыбыштарСарыбагышКалендарьЧумаКан тобуСабактын түзүлүшүСынчыл ой жүгүртүүХХ кылымдын гомериКыргызстандын шаарларыБарпы АлыкуловБайыркы РимКаада-салт ырларыКош бойлуулукСабира КүмүшалиеваАлмамбеттин баяныБизнес-планБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыАндронов маданиятыКаада- салттар,ырым-жырымдарСынган кылычСырдык сөз🡆 More