Усун Мамлекети

Усун мамлекети.

Тарыхчы А.Өмүркуловдун пикири боюнча «усун» этноними байыркы түрк тилинен которгондо «он урук эл» дегенди түшүндүрѳт. Бул эл Чыгыш Түркстандагы Успа дарыясынын атынан коюлган деген да, божомол бар. Генегалогиялык болжолдорго жана түрк санжыраларына таянсак, усундар түрк элдеринин бир салаасы. Усундар сырткы кебетеси жагынан сакалдары кызгылт сары, кѳздѳру кѳк болуп, Түркстандын тургундарынан айрымаланып турган. Усундар адегенде хунндар жана юэчжилер менен коңшулаш болуп Улуу Кытай дубалынын батыш жагында кѳчүп жүрүшкѳн. Алардын бир бѳлүгү биздин заманга чейин 160-жылы сактарды жана юэчжилерди талкалап, Тенир-Тоого жана Жети-Сууга кѳчүп келишкен. Кѳп убакыт ѳтпѳй чыгыштан хунндар менен, батыштан Талас дарыяларынын ѳрѳѳндѳрүндѳ Кангүй менен, түштүктѳн Фергана жана Чыгыш Түркстан менен чектешкен жаны мамлекет түзүлгѳн. Түндүктѳн усундардын ээлиги Балхаш кѳлүнѳ чейин жеткен. Усундардын падышасы – Күнбаг деген титулду алып жүргѳн. Усундардын мамлекети социалдык топторго жиктелүү жаңы пайда боло баштаган учурда түзүлгѳн, уруулук түзүлүштүн таасири катуу сакталган ѳлкѳ болчу. Күнбагдын бийлиги укум- тукумга ѳтүп, мурас катары берилип келген. Башкарууда усундардын Күнбагы аксакалдар кеңешине таянган. Ошол эле мезгилде мамлекеттик аппарат бир кыйла ѳнүгүп, мамлекеттик бийликте эле 16 миңден ашуун адам эмгектенген. Күнгбагдын ѳзүнүн 10 миңдей аскери болгон. Усундар жарым- жартылай кѳчмѳн эл болуп, мал багышкан. Ошол эле мезгилде Чуй ѳрѳѳнүндѳ жана Ысык-Кѳлдун жээгинде жашаган эл отурукташып , дыйканчылык менен кесиптенишкен. Теңсиздик ѳнүгүп , айрым бай адамдар тѳрт- беш минден жылкы кармашкан. Усунддук коомдо кулдар да болгон, алар негизинен эркин общиналарда, үй чарбасында иштешкен. Борбору- Чигу, же Чигучен деген шаар болгон (кызыл ѳрѳѳндѳгу шаар дегенди билдирет). Акыркы жылдагы изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыгы боюнча бул шаар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районун борбору Кызыл-Суу айылынын этегинде жайгашкан. Анын жашоочулары дыйканчылык жана кол ѳнѳрчүлүк менен кесиптенишкен. Шаардын негизги бѳлүгүн көл алдында калган.

Орус окумуштуусу Н. Аристов 1893-жылы «Усундар жана кыргыздар же кара-кыргыздар: Батыш Тянь-Шандын калкынын тарыхы менен турмуш тиричилигинин очерктери жана анын тарыхый картографиясы боюнча изилдѳѳлѳр» деген эмгегинде : «Усундар Батыш Тянь-Шанды жердеп турган азыркы кара- кыргыздардын түздѳн- түз бабалары болуп саналат»- деп белгиленген. Ушул эле эмгекте Н. Аристов Енисейлик кыргыздар менен Тянь-Шандык кыргыздар качандыр бир кезде бир эле элди түзүп, биздин заманга чейин 3- кылымга чейин эле экиге бөлүнүп кеткен. Алардын бир бѳлүгү Енисейде жашаган. Чыгыш Тянь – Шанда турган экинчи бѳлүгүн кытайлыктар усундар деп аташкан деген пикирди айткан. Окуумуштуу Ч. Нусупов «Кыргызстандын саясий тарыхы» деген эмгегинде мындай деп жазат: «Биздин заманга чейин 201- жылда кыргыз уруулары азыркы Батыш Монголиянын аймагына жана Чыгыш Түркстанга чачырап тарашкан, биздин заманга чейин 3- кылымдан тарыхый адабиятта усундар деген ат менен кѳбүрѳѳк белгилүү болгон үйшүндѳрдүн батыш канаты болуп эсептелет. Алар Орто Азияда жашаган сак урууларын суруп чыгарган. Түндүк кыргыздар болсо Саяндын артына, Енисейге кетишкен». Бул пикирлерге таянсак усундар кыргыз элинин ата бабалары болуп эсептелет.

Усун мамлекетинин тузулушу. Тенир-Тоодогу усун эли тузгон мамлекет, кытай жазмаларында "усунь го" (усундар мамлекети ) деп аталган. Алгач усундар Улуу Кытай дубалынын батыш жагында кочуп -конуп журушкон. б.з.ч 160-ж алар сактарды талкалап Тенир-Тоо жана Жети-Сууга келишкен. Алардын куч-кубаттуу уруу бирикмесине Борбордук Тенир-Тоо , Алай, Жети-Суу, Иле дарыясы андан ары Балхаш колуно чеейинки аймактар кирген. Усун мамлекетинин падышасы- "уруу башчысы" деген титулга ээ болгон. Анын ордо шаары Чигу же Чигучэн ( кызыл ороондогу шаар) болгон. Археологиялык изилдоолор тарабынан Чигу шаарынын урандылары азыркы кездеги Ысык-Колдун Туп булунунун тубундо калгандыгы аныкталды. Ал жерден усундарга тиешелуу чопо идиштер, коло ороктор, канжарлар, казандар табылган. Биздин доордун башталышында колдун суусу которулуп, Чигу шаары суу алдында калган.

Кунбаг бийлиги мураска откон. Усундардын маанилуу иштеринин бири согуш болуп, ото жоокер эл болушкан. Мамлекетти башкарууда күнбаг аксакалдар кенешине таянган. Алар мамлекеттин маанилуу маселелерин чечишкен. Падышага мамлекетти башкарууда 16 чиновник жардам берген. Усун армиясы ошол мезгилде эн күчтүү болгон. Усун атчандары сөөк менен капталган оор жаа, темир учтуу жебе жана темир кылыч менен куралданышкан.

Чарбачылыгы. Усун мамлекетинин чарбасын малчылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк тузгон. Эң негизги чарба жарым көчмөндүү мал чарбачылыгы болуп эсептелген. Жайында бийик тоолуу жайлолоордо жана кышында өрөөндөрдо короо\короо койлорду, үйүр\үйүйр жылкыларды багышкан. Негизги байлык жылкы эле. Малдын көпчүлүк бөлүгү усундардын ак сөөктөрүнө таандык болгон. Эң байларында 4000 аргымактардын уйурлору бар эле. Аларга эң мыкты жайыттар таандык болгон, мында жакырланган туугандары жана кулдар алардын жылкыларын жана койлорун багышкан. Күнбаг сан жеткис жылкы үйүрлөрүнө ээ болгон. Ысык-Көл жана Чүй өрөөнундө археологдор тарабынан усундардын турак жайлары табылган. Азыркы Кара-Балтанын түндүгүнөн, ошондой эле Аламүдүн жана Кум-Арык айылдарынын жанындагы усундардын дыйканчылык жана кол өнөрчулук менен алектенип, жашоо -турмуш өткөргөнүнөн кабар берет.

Кытай менен союз. Б.з.ч 2- к 2-жарымынан тартып усундар менен кытайлардын ортосунда өз ара байланыш түзүлөт. Кытайлар усундар менен жакшы мамиле түзүү аркылуу эзелки душманы хунндарды талкалоо жана Орто Азиядагы Улуу Жибек жолуна көзөмөлдук кылууну максат кылган. Муну ишке ашыруу үчүн Кытай императору У-Ди падыша кыздарынын бирин күнбагка аялдыкка жөнөттү. Кытай падышасынын кызына үйлөнгөн күнбаг б.з.ч. 107-ж Кытай менен союз тузгон. Хунндардын өкүмдары дагы усундар мамлекетине өзүнүн таасирин жоготкусу келбей дароо эле күнбагка өзүнүн кызын берген. Убакыттын өтүшү менен чет элдик хан кыздарынын урпактары такка отурушкан же ага талапкер болушкан. Алар күнбагдын династиясында *хань* жана *хунн* деп аталган өз ара атаандашкан эки туруктуу бутакты тузушкон.

Хунндар менен болгон согуш. Б.з.ч. 1-кылымдын башталышында усундар мамлекетинин башында күнбаг Унгуйми туруп, такка отурганда Фейван деген атка ээ болгон. Бул күнбаг династиясынын *хан* бутагына таандык болгон. Ал дагы кытайлык хан кызына үйлөнгөн. Фейван башкарып турган учурда усундардын мамлекети күч алып, анын кадыр-баркы коңшу мамлекеттер арасында өскөн. Усун күнбагынын балдары кытайлык императордун сарайында билим алышкан. Б.з.ч 1-к 70-жж усундардын күчөгөнүнөн жана кытайлар менен байланышынын өнүгүшүнөн чочулаган хунндар усун ээликтеринин чек араларынына бир нече жолу чабуул жасашкан. Ошондо Фейван Хан империясы менен хунндарга каршы биргелешкен аскердик аракеттер жөнүндө келишим түзөт. Б.з.ч 71-жылы усундардын 50 миң аскери, 150миң кытай аскери менен бирдикте хунндарга кыйраткыч сокку урушкан.

Усун мамлекетиндеги ич-ара чатактар. Усундардын күч алышы Хань империясын катуу тынчсыздандырган. Ага атаандаш эмес , тил алчаак союздаш керек эле. Көп өтпөй кытайлык ордо усундар мамлекетинин ички иштерине кийлигише баштаган.

Б.з.ч 64-ж. күнбаг Фейван каза болгондон кийин, усундардын аксакалдар кеңеши, энеси хунн кызы болгон мураскору Нимини такка отургузушкан. Жаңы күнбаг такка отургандан кийин Куанван деген ысымга ээ болгон.

Күнбаг Куанван мамлекетти аз эле башкарды. Эл аны жакшы көрбөдү. Ак сөөктөрдөн бийлик алган күнбаг алардын гана кызыкчылыгын коргоп, карапайым элге көңүл бөлгөн эмес. Куанвандын аялы- Кытай падышасынын кызы Унгуйми Куанвандын элдин арасында кадыр-баркы жок экенигин императордук сарайга билдирген. Алардын көрсөтмөсу менен күнбагга каршы кутум уюштурулган. Кытай ханыны кызы Чигудагы ак сарайында той берип, той ортолоп калганда төрдө отурган Куанванды кутумчулардын бири кылыч менен чапкан. Бирок кылыч жаза тийип Куанван жарадар гана болгон. Кутумга катышкандардын бири кол салуудан кийин тоого качып кеткен. Андан кийин капысынан Куанванга кол салып, аны өлтургөн.

Б.з.ч. 1-к 60-жж ортосунан баштап б.з.ч 45-жылдарга чейин усун күнбагдарынын династиясынын "хун" жана "хан" бутактарынын ортосунда жогорку бийлик үчүн күрөш жүргөн. Бул күрөш мамлекеттин кыйрашына алып келген.

Тарыхий булактар менен таанышуу.

Байыркы Кытай тарыхында усундардын баяндалышы.

"Усундардын чоң гуньмосу Чигу шаарында жашайт, Чань-андан 8900ли аралыкта, 120000 түтүн, 630000 адам, аскеринин саны 188 800, жери тегиз жана чөптүү: өлкө жаан-чачындуу жана суук. Тоолорунда ийне жалбырактуу токой жана мань дарагы өсөт. Дыйканчылык кылышпайт, ал эми малы менен суулуу жана оттуу жерлерге көчуп- конуп журушөт: сырткы келбеттери хунндарга окшошуп кетет. Алардын ээликтеринде жылкы көп, байлары төрттөн беш миңге чейин жылкы кармашат. Алардын ээликтери эң кучтуулордон болуп эсептелет."

Tags:

БалкашЖети сууКангүйСак уруусуТеңир-ТооТүркстанУлуу Кытай дубалыУсундарХуннуЮэчжилер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз элинин калыптанышыКан группаларыТермелүү кыймылыСаяпкерТабигый ресурстарСары-ЧелекМиң сомАрстанбек Буйлаш уулуТотемизмТеңирАлмамбеттин баяныӨмүр баянТабиятЖылдызГалактикаТолкунХХ кылымдын гомериОрфоэпияСанжыраКыргызстандагы корголуучу жайларКалыгул Бай уулуНарын облусуИсторизмдерЖусуп АбдрахмановЖакыптын жана аялдарынын түш көрүшүТолубай сынчыЖер астындагы сууларМүчөАбдыкерим СыдыковБөйрөк ишинин начарлашыРефлекстерӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиОй жүгүртүү (философия)Зат атоочМаалымат технологиясыЭкономикаДекларация (жарнак)ЭвтаназияКош сөздөрНатуралдык санСооронбай ЖусуевЭлектрондук почтаМээМетодГолографияАпрель революциясыКүн тутумуНаймандарБруцеллёзТыбышКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыТалас облусуБолмуш (философия)КоммуникацияЖашоо үчүн күрөшАктЭмчектеги балаКокон хандыгыСолтоноев Белек Солтонкелди уулуСынчыл ой жүгүртүүАдабий тилТкандар (биологияда)КалпакАнжиян көтөрүлүшүМанастын туулганыБүбүсара БейшеналиеваКозу карындарСократЖөндөмөТалас дарыяСаруу (уруу)Манас эпосуТамак сиңирүүИнтерактивдүү окутууЭлектр-магнит толкундарыБасымСарык🡆 More