Айлана-чөйрө - адамды тегерете курчап турган жашоо-тиричилик жана өндүрүштүк иш шарты.
Адатта ага жаратылыш чөйрөсү жана адам өзү жараткан материалдык чөйрө (курулуштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагычтар, каналдар, жолдор ж. б.) кирет. Айлана-чөйрө жаратылыш чөйрөсүнө караганда кеңирирээк мааниде. Жаратылыш чөйрөсү коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адам жараткан чөйрөнүн объектилеринен жаратылыш чөйрөсү жабыркап, алардын байланыштары үзүлүп, табигый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө жана адамдын дээрлик географиялык кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейишине жараша табиятты коргоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын зарылдыгы келип чыгат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Айлана-чөйрө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.