Билим Берүү

Билим берүү - – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси.

Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү; экинчиден, билим берүү – белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышы, өнүгүшү; үчүнчүдөн, билим берүү – билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын аракеттеринин системасы катары каралат. Күндөлүк турмуштан байкалгандай, «билим берүү» термини биз элестеткен кеңири мазмунду толук чагылдыра албайт. Анткени, бул термин адатта мугалимдин аракетин же билим берүүчү мекемелердин гана ишин мүнөздөп калгандай көрүнөт.

Чындыгында, бул термин аркылуу аныкталуучу түшүнүктүн мазмуну адамдын билимге ээ болуу процессин, ага жетекчиликти жана уюштурууну, акырында келип анын жыйынтыгын мүнөздөйт. Ошондуктан «билим берүү» түшүнүгүн өтө кеңири мааниде: окуучунун билим алуу, билгичтиктерге жана көндүмүдөргө ээ болуу ишмердигин; окуучунун инсан катары калыптануу процессин; таалим-тарбия берүү процессинин жана аны ишке ашырууга түзүлгөн шарттардын жалпы комплексин, ошондой эле таалимчилердин иш-аракетин; акыры келип инсандын гармониялуу мүнөздөгү өнүгүшүн түшүнүү ылайык болот.


Кыргызстан:
ЖОЖ:

ж.б.

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз элинин калыптанышыКудайлар тууралуу мифтерЖунгар хандыгыМиң сомАт чабышИнтеграцияТуз (химия)Ат — адамдын канатыБиоценоздогу организмдер байланышыКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиХимиялык булаларАжар (повесть)Кыргыз Республикасынын БаатырыАжы бийКыргыз Республикасынын президенттериСан атоочИсхак РаззаковСайтЗат алмашууСынган кылычСүйлөм мүчөлөрүЖугуштуу ооруларКыргызстандын мамлекеттик тилиТыбышКүн тутумуТеңир-ТооКосмосКаада- салттар,ырым-жырымдарКененсарынын чапкыныБаяндамаКиринди сөзАсан КайгыТүштүк-Чыгыш АзияАныктоочМыйзам (укук)Касым ТыныстановСөзАнтропологияКыргызстандагы коло дооруКыргыз Республикасынын экономикасыБюджетКумурскаКрепостной укукНьютон биномуОш коогалаңы (1990)Чагылган24-апрельАмерика Кошмо ШтаттарыГеометрияЖазЭтишЖарандык укукКол өнөрчүлүкСөз түркүмүКоомТатаал сөздөрУюлдук телефонКөп маанилүү сөздөрБиогеоценозЭки жүз сомТүлкүлөрКайра жаралууКөркөм өнөрМанас КүмбөзүАпрель революциясыАтом физикасыЛатын АмерикасыЧыгыш АзияРоза, гүлГүлӨзбекстанЭсенкожоев КусейинУран (планета)Жакиев БексултанДиалектАрстанбек Буйлаш уулу🡆 More