Тоо-кен өнөр жайы, кен казып алуу өнөр жайы - кен байлыктарды чалгындоо, аларды казып алуу (өндүрүү) жана фабрикаларда керексиз бирикмелерден ажыратуу иштерин жүргүзүүчү өнөр жай тармактарынын жыйындысы.
Бир нече тармактан турат. Алардын негизгилери: отун казып алуу (көмүр, нефть, сланец жана газ), кен таш казып алуу (темир, марганец, түстүү баалуу жана сейрек кездешүүчү металлдар), металл эмес жана жергиликтүү курулуш материалдарын казып алуу (мрамор, гранит, асбест, чопо, гипс ж. б.), тоо-химия сырьёсун казып алуу (апатит, калий туздары, нефелин, селитра, күкүрт колчеданы, фосфат сырьёсу), с у у жана минералдуу с у у болуп бөлүнөт. Тоо-кен өнөр жай байыртадан белгилүү. Өндүрүштүк тармак катары 16-18к-да тез өөрчүгөн. Кыргызстанда да Тоо-кен өнөр жай өркүндөөдө. Республика изилденген көмүр кенинин запасы боюнча Орто Азия республикаларынын ичинен 1-орунда. Кыргызстанда коргошун, цинк, сымап, калай, сурьма, висмут ж. б. металл кендери бар. Бул Тоо-кен өнөр жайынын мындан ары да өнугүшүнө толук шарт түзөт. Тоо-кен өнөр жай АКШ, Улуу Британия жана Францияда жакшы өнүгүп келе жатат.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тоо-кен өнөр жайы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.