Чыгарма Ак Кеме

Ак кеме Ч.

Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Жаңы дүйнө” (1970, № 1) журналында, кыргызчасы (1978) “Ала-Тоо” журналынын № 12 санында жарык көргөн.

Ак кеме
Чыгарма Ак Кеме
Жазуучу Ч. Айтматов
Нукура аталышы Белый пароход
Өлкөсү Чыгарма Ак Кеме ССРС
Тили орус
Басмакана “Новый мир” журнал
Чыккан жылы 1970
Кыргызча чыккан жылы 1978

Чыгарманын “Ак кеме” деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: “... Мен повестти “Жаңы дүйнө” алып барганымда Твардовский (журналдын ошол кездеги башкы редактору) “Жомоктон кийин” деген ат өтө эле жөн салды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, “Ак кеме” деген атты сунуш кылды” (“Точка присоединения”). Чыгарманын алгачкы аталышы айтып тургандай повесттин борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат.

Кыргыз элиндеги бугу уруусунун генеалогиясы жөнүндөгү санжыра-легенданын негизинде жазуучу тарабынан жаралган “жаңы” жомок повестте образдар менен жуурулушуп, чыгарманын идеялык-эстетикалык касиетин ачуучу каражат катары колдонулат. “Ак кеменин” жарык көрүшү адабий чөйрөдө зор кызыгууну жаратты. Окурмандарды күйгүлтүккө түшүрүп, сынчыларды талаш-тартышка салган негизги маселе – бул баланын “адамдар” арасында жашагысы келбей “балык болуп сүзүп кетүүсү”. Д. Стариков, А. Алимжанов өңдүү айрым рецензенттер повестти адамды көңүл чөгөт кылчу пессимисттик чыгарма катары таанышты. Баланы интернатка орноштуруу, Момунду пенсияга чыгаруу, Орозкулду камоо тууралуу авторго кеңеш берген окурмандар да болду. Акыры талкууга автор өзү да аралашып, өз концепциясын, адабияттагы трагизм маселесине жасаган принципиалдуу пикирин мындайча туюндурду: “Ак кемедеги” баланын өлүмү аркылуу мен түк да жамандык жакшылыкты сүрүп чыгарарын көрсөткөн жерим жок, менин көздөгөн максатым – ак иштин арыбас экендигин ачып берүү, ал үчүн кейипкер өз жанын кыйып болсо да күрөшө тургандыгын көрсөтүү. Албетте, аным канчалык деңгээлде жүзөгө ашты – окуучулар өздөрү аныкташаар. А бирок бир нерсеге акыйкат көзүм жетип турат: жеңиш эч качан сынчылар айткандай Орозкул тарапта эмес – кыңыр иш качан болсо кыңыр бойдон калат. Ырас, бала мерт болду, бирок анын адамдык абийири, ыймандык зоболосу бийик бойдон калды”.

Чыгарманын негизинде аты уйкаш “Ак кеме” аттуу көркөм фильм (реж. Б. Шамшиев, 1975) тартылган. 1977-ж. “Ак кеме” повести жана ал боюнча тартылган фильм СССР Мамлекетик сыйлыка татыктуу болгон. Бул повесть сахналаштырылып, дүйнөнүн көптөгөн театрларында көрүүчүлөргө тартууланган.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Tags:

Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыМеталл куймаларыКыргызстандын географиясыБилимКуйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)Касымалы БаялиновЭне-Сай кыргыз кагандыгыЫсык-КөлЧагылганАң-сезимИманалы АйдарбековАмир ТемирКыргызстандын шаарларыЖантай БаатырМинералдуу суулар (Кыргызстан)Дем алуу системасыМыйзам (укук)Чоң казатКыргыз Республикасынын экономикасыГрекияКаныбекОрто АзияФразеологизмдерЭпикалык текЖүлүнНеологизмӨсүмдүкАныктоочКалпакТолубай сынчыКымызАлгоритмКыргыз улуттук оюндарыЖер кыртышыИррационалдык санСөөк системасыЖыйырма сомМаалымат сайтыКурманбек эпосуКүнЛирикаМенеджментКыргыздардын тарыхыТоктогул ГЭСиСөз түркүмүӨпкөКушЖаңыл МырзаАлфавитЖандоочКөз ооруларыГепатит АРельефтин жалпы мүнөздөрүБир өңчөй мүчөМаданий өсүмдүкPythonДаникеев, ӨскөнАтама сүйлөмКыргызстандагы металлдар«Кыргыз» этнонимиМектепЖайлооКеңештер БирлигиКылмышТамактанууКөзКайра курууТажикстанАнатай ӨмүркановЛексикологияОмор СултановЖалал-Абад облусуМуун (лингвистика)Жүз сомТаранчыТемир🡆 More