Тамсил (ар.
– үлгү сөз, накыл) – сатиралык мүнөздөгү, көбүнесе ыр түрүндө жазылган кыска баян. Тамсил байыркы Грецияда Эзоп аттуу тамсилчи тарабынан жазыла баштап, бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин ар кандай коомдук-саясий түзүлүштөргө ылайык жаңыртып келген жанр. Тамсилди жанр катары башкалардан айырмалап турган негизги белгилери: турмушту аллегориялык түрдө чагылдыруу; аллегориялык кейипкерлердин туруктуулугу (түлкү – митаам, кой – жоош, эшек – аңкоо, карышкыр – күчтүү, талоончул, коён – коркок ж. б.), сүрөттөлгөн жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, буюмдардын каймана түрдө адамдарды билдириши, алардын өз маанилерине караганда адамдардын ролуна жакындыгы, эң негизгиси – адептүүлүккө баштоочу моралдын болушу. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынан тамсилдерди көп учуратууга болот. Улуттук адабиятыбызда тамсил Тоголок Молдонун чыгармачылыгында көбүрөөк көрүнүп, кийин кыргыз адабиятында Ж. Бөкөнбаев, М. Алыбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Борбугулов, Ж. Алыбаев, М. Турсуналиев, С. Кадыров ж. б. акын-жазуучулар жазып жүрөт. Мисалы,
Мансап тийип Короздун колуна, Олтурду начальниктин столуна. Анан Канатын тарап, Калыбет эки жагын карап, Карамагындагы айбанаттарга, Койду мындай талап: –Энбаштык кылбагыла! Башчыңар Короз болгон соң, Короздун ырын ырдагыла. Башыңарга таажы таккыла. Биз өңдүү Эки аяктап баскыла. Мөөрөгөндү таштагыла. Ку-ка-ре-ку-кудан баштагыла! Эскертип коёюн дагын, Ойлонуштуруп көргүлө Жумуртка туу жагын. Короздун талабын угуп, Кой ордунан туруп: –Начальник болгон соң. Ириде, үлгү көрсөткөнүңүз оң. Мекияндарыңыз козу тууп көрүшсүн оболу. Көңүл буруңузчу, Бир ишке. Баарыбыз мал болгон соң., Сизди сыйлаганыбыз эле оң. Бирок, Ташка тумшугун кайрап, Тэ-э кырга келип конду Бир оңбогон сайгак, Ириде, Ошону келбейсизби жайлап. Дегенде Букачар шашты. Сарайга кире качты... Демек, Ыктуу мактанган жакшы. (Э. Ибраев)
Тамсил кыргыз фольклорунун башка жанрларына салыштырмалуу өнүгүүнүн кийинки этаптарында калыптанган. Кыргыз фольклорунда тамсил башынан эле өз алдынча жанр катары калыптанбастан, фольклордук башка жанрлар менен жуурулушуп, жанрдык касиетин түптөп келгенин байкоого болот. Канткен менен элдик тамсилдин элементтери бар чыгармалар өз заманынын сынчылары белгилүү акын, куудул, чечен айтуучулардын чыгармачылыгында кездешпей койбойт. Кийин Тоголок Молдо тарабынын тамсилдик мазмундагы чыгармалар айбанаттар тууралуу жомок-тамсилдер иштелип чыгып, жанр катары өздүк формасына ээ болгон дегенге толук негиз бар. Элдик тамсилдерди жыйнап, жазып, басмадан чыгаруу иши Ж. Мусаева тарабынан жүргүзүлүп, 1985-ж. биринчи жолу жыйнак иретинде чыккан. Анда КРУИАнын алтын фондуна жыйналып алынган материалдар толугу менен киргизилип, кайдан, кимден, качан, канча көлөмдө жазылып алынгандыгы тууралуу маалымат берилген. Анда отуздан ашуун тамсилдин тексти менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алабыз. Китеп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү эл оозунан жыйналып алынган текст, экинчисине элдик фольклордун таасиринен улам жазылган сатиралык мүнөздөгү, профессионалдык жазма адабий формасындагы тамсилдерди камтыйт. Автор, китептин баш сөзүндө тамсилди негизинен эки топко бөлүп караган.
"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тамсил, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.