Профессор (Мударис) - (лат.
– окутуучу) – жогорку окуу жайдын окутуучусунун жана илим-изилдөө мекемесинин илимий кызматкеринин илимий наамы жана кызмат орду. Официалдуу статусу XVI кылымда белгиленген (эң алгач Оксфорд университетинде). Бул наам жогорку окуу жайлардын же илим-изилдөө мекемелеринин, өндүрүштүк бирикмелердин окумуштуулар советинин көрсөтүүсү боюнча, Жогорку улуттук аттестациялоо комиссиясынын чечими боюнча ыйгарылат. Айрым өлкөлөрдө ординардык (штаттык) жана экстра ординардык (штаттан тышкары) профессордук кызматы болот. Бир катар өлкөлөрдө (Австрия, Белгия, ГЭР, Югославия жана башка) университеттин жана башка окуу жайларынын гана эмес, ошондой эле мектептердин мугалимдери, АКШда колледждин окутуучулары дагы профессор деп аталышат.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Профессор, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.