Жүрүм-турум – белгилүү бир моралдык ченемдер менен чектелген жорук-жосундардын жана кыймыл-аракеттердин системасы.
Жүрүм-турум коомдук жагдай-шарттардын таасиринде калыпка салынат. Жүрүм-турум адамдын мүнөз, темперамент, каалоо, ой-пикир, көркөм сезим сыяктуу касиеттеринин айлана-чөйрө менен байланышынан пайда болуп, өсүп-өөрчүйт.
Бул термин илимде айбанга карата да колдонулат. Бирок, илим адамдын Жүрүм-турум айбандыкынан келип чыккан деген эски көз карашты төгүндөйт. Айбан айлана-чөйрөгө ылайыкташат, байырлашат, ал эми адам болсо ага акыл-эс менен (аң-сезимдүү) мамиле кылат, өз таасирин тийгизет, аны өз мүдөөсү үчүн пайдаланат, анын дүйнө мамилесинде белгилүү бир максат болот.
Психология илиминдеги бихевиоризм багыты адам менен айбандын ушундай айырмасы барын жокко чыгарат, жеке адам дүйнөсүн аңдап билүүгө, адамдын ички сырын түшүнүүгө болбой турганын ырастайт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жүрүм-турум, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.