Гербде канаттары жайылган Манастын шумкары чагылдырылган, бул өлкөнүн эркиндигинин символу.
Ошондой эле Кыргызстандын акагы болгон Ысык-Көл чагылдырылган, аны Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору курчап турат. Күн жаркыраткан тоонун чокулары кыргыз элинин ак калпагы сыяктанат. Авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.
1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргызстандын герби, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.