Эки миң сом (2000 сом) — Кыргыз сомунун эки миң сом номиналындагы, улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкнотту.
Эки миң сом 2000 сом | |
---|---|
Өлкө: | Кыргызстан |
Номиналы: | 2000 сом |
Туурасы: | 156 мм |
Бийиктиги: | 73 мм |
Коргоо элементтери: | |
Түсү: | Күрөң-көк |
Чыгарылган датасы: | 17-ноябрь, 2017 |
Алдыңкы бети | |
Алдыңкы бетиндеги сүрөт: | Айкөл Манастын эстелиги жана Умай эне белгиси, (Боз үй) |
Арткы бети | |
Арткы бетиндеги сүрөт: | Өмүр дарагы, Хан-Теңири жана Ысык-Көл, ошондой эле учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөтү |
Банкнот 2017-жылдын 17-ноябрынан тарта жүгүртүүгө чыгарылды, жана ошондой эле Кыргызстандын баардык жеринде расмий түрдө улуттук валюта катарында кабыл алынат. Бул акча бирдиги өзүнүн оригиналдуу дизайны, чектелген нускасы жана коргоо белгилери менен буга чейин чыгарылган улуттук валюталардан айырмаланат.
Эстелик банкнот өзүнө бир учурда эки тарыхый окуяны камтып, Кыргыз Республикабыздын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 2018-жылы белгилене турган улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына арналат. Ушул эки маанилүү тарыхый окуяларды даңазалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көз карандысыз мамлекеттин тарыхындагы алгачкы эстелик банкнотту чыгарышкан.
Эстелик банкнот – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүн, байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ. 1) Банкноттун алдыңкы бетинде чачыранды урууларды бириктирип, түпкүлүктүү кыргыз элинин уюткусун кураган Айкөл Манастын Аккула сын минип, жоо-жарагы шайма-шай эл четинде, жоо бетинде турган элеси чагылдырылган. 2) Кыргыз эли ыйык тутуп, табынып келген, жаман көздөн жана суук сөздөн коргоп, анын руханий дүйнөсүнүн көөнөрбөс кутуна айланган ыйык «Умай эне» белгиси, көчмөн элдин турагы – жакшы жашоо, байгерчиликтин, ырыс-ынтымактын символу боз үйдүн сүрөттөлүшү негизги сюжетти толуктап турат. Кыргыз элинин басып өткөн жолун, жакшы жашоого умтулуп, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган өмүр дарагы банкноттун арткы бетинин негизги сюжети. Аалам эгеси, асман тиреген «Хан-Тенгри» улуулукту, айкөлдүктү туу тутуп, алдыга үмүт артып жашаган, кайрат-күчү майтарылбас кыргыз элине мүнөздүү касиеттерди чагылдырса, көз жоосун алган көгүлтүр Ысык-Көлдүн керемет сүрөттөлүшүнүн алкагында канатын кере жайып учуп бара жаткан бүркүттүн элеси эркиндикти сүйгөн, тоскоолдуктарды тоготпой жиреп өтүп, сүр көрсөткөн, адилетсиздикке элдешпес кыргыз мүнөзүн чагылдырат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эки миң сом, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.