Бүркүт (лат.
Узундугу 90 смге, канатын жайганда узундугу 2 мге жетет. Борбордук Азиянын бардык тоо кыркаларында таралган. Жайында деңиз деңгээлинен 2–3 миң м бийик зоолордо жашайт. Уясын аска-зоолорго салып, аны башка жырткыч канаттуулардан кылдат кайтарат. Март айында 1–2 жумуртка тууп, ургаачысы 45 күндө басып чыгарат. Бүркүт көзү курч, кыраан жырткыч куш. Түлкү, суур, эчки-теке, улар жана башка алып азыктанат. Кыргыздар эзелтен аны таптап, аң уулоодо пайдаланат. Мүнүшкөрлөр бүркүткө түлкү, карышкыр жана башка алдырат. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бүркүт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.