Пирамида (геометрияда) - негизи көп бурчтук, калган грандарынын жалпы чокусу бар үч бурчтуктуу көп грандык.
Каптал грандарынын санына жараша Пирамида үч бурчтуу, төрт бурчтуу ж. б. болуп бөлүнөт. Пирамиданын чокусунан негизине түшүрүлгөн перпендикуляр Пирамиданын бийиктиги деп аталат. Пирамиданын көлөмү төмөнкүдөй формула менен чыгарылат: мында S – негизинин аянты , h – бийиктиги. Негизи туура көп бурчтук болуп, бийиктиги негизинин борбору аркылуу өткөн Пирамида туура Пирамида деп аталат. Туура Пирамиданын каптал грандары – бири бирине барабар болгон тен капталдуу үч бурчтуктар; ар бир үч бурчтуктун бийиктиги туура Пирамиданын апофемасы деп аталат. Пирамиданы негизине параллель тегиздик менен кессек, анда берилген пирамидага окшош жана кесилген Пирамидалар алынат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пирамида (геометрияда), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.