Дем Алуу Системасы

Дем алуу системасы — организм менен сырткы чөйрөнүн (абанын) ортосунда газ алмашууну ишке ашыруучу органдар жыйындысы.

Дем алуу системасы аба өткөрүүчү жолдордон (мурун көңдөйү, коко, кекиртек жана бронхтор) жана өпкөдөн турат. Мурун көңдөйүндө, ошондой эле жыт сезүү органы да жайгашкан. Аба мурун көңдөйү аркылуу өтүп жылып, нымдалып, тазаланат да, адегенде мурун - кулкунга, андан кийин кулкундун ооз бөлүгүнө келет. Бул жерге аба ооз менен дем алганда да келет. Бирок бул учурда аба тазаланбайт жана жылыбайт, ошондуктан мурун менен дем алган туура. Аба кулкундун коко бөлүгүнөн аба өткөрүү менен бирге үн пайда кылууга катышуучу кокого өтөт. Кокодон ары кекиртекке жылат. Кекиртек IV—V көкүрөк омурткасы тушта эки (оң жана сол) бронхко бөлүнөт. Ал аркылуу аба андан ары өтө майда бронхторго өтүп, өпкө альвеоласына жетет. Альвеоланын өтө жука капталы биологиялык өткөргүч мембрана болуп эсептелет. Ал аркылуу кан тамыр капиллярындагы кан менен альвеоладагы абанын ортосунда газ алмашуу жүрөт. Газ алмашууда дем алгандагы кычкылтек канга, ал эми кандагы көмүр кычкыл газы альвеола абасына өтөт. Дем алууну көкүрөк клеткасы менен анын булчуңдары, боор эт, аба өткөрүүчү жолдор жана өпкө сыяктуу дем алдыргыч аппарат ишке ашырат. Дем алуу процессин борбордук нерв системасынын атайын бөлүгү — дем алуу борбору жөнгө салат. Дем алуу борбору дем алдыргыч жана дем чыгаргыч болуп эки бөлүктөн турат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Организм

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Айтматов Чыңгыз ТөрөкуловичСүйлөм мүчөлөрүБайчечекейШамалЖүз сомЭллинизмБек БорбиевЖер көчкүТерроризмТүркияБулбулАк Мөөр (поэма)ОмонимГагарин Юрий АлексеевичТоо арасында (роман)ЭфирлерОрозбак уулу СагымбайМеркурийСөз айкашыЭмгек рыногуБөйрөк ишинин начарлашыКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыЖерКанадаСайтТокойМектепЭркин сөз айкашыКомузБарпы АлыкуловЖоон үндүүлөрШииттерБиосфераБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмАнтон МакаренкоМеталлТилТартылууАзияФранцияОкутуу технологиясыВолейбол«Манасты» жыйнооДүйнөнүн жети кереметиЫсык-Көл ойдуңуБорбордук Теңиртоо кыргыздарын каратууСүт эмүүчүГлюкозаБарсбек каганТаш-РабатКошмок сөздөрКыргызстандын тышкы саясатыИбраев, ЭсенгулИзраильСөздүн маанисиОмор СултановМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыМамбетимин уулу КазыбекАтоочтукКөз ооруларыКан айланууСоң-Көл«Жаңыл Мырза»Кудаяр ханЭки досПолот ханУран (планета)СолтоКислоталар жана негиздерИч катууАкро ырКүрөң аюуЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКосмонавтикаБасмачылыкКыргыз улуттук оюндарыТынч океанМоңголдор🡆 More