Талас – Кыргызстандын түндүк батышындагы дарыя, Талас өрөөнүндө.
Узундугу 661 км, алабынын аянты 52 700 км2 (анын 9240 км2 тоолуу бөлүгүндө). Кыргыз жана Талас Ала-Тоосунан башталган Каракол жана Үчкошой сууларынын кошулушунан пайда болуп, кенен өрөөн аркылуу батыш тарапка агатда, Моюн-Кумда (Казакстан Республикасы) соолот. Жогорку агымында өрөөнүнүн жазылыгы 20 км. Ортоңку агымында салааларга бөлүнүп, майда таш кумдуу шилендилерди пайда кылат. Жээктери саздуу. Негизги куймалары: Калба, Беш-Таш, Үрмарал, Күмүштак, Суулу Бакайыр, Кара-Буура (сол), Кеңкол, Нылды (оң). Негизинен мөңгү, кар, булак сууларын куралат. Жылдык орточо чыгымы 32,7 м3/сек, жогорку агымында (чатынан 555 км) 15,7 м3/сек, Тараздан жогорураакта 27,4 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда (130 м3/сек), азы апрелде(8,95 м3/сек) байкалат. Май айындакирип, октябрда тартылат. Декабрда тоңуп, мартта ачылат. Алабында жалпы аянты 120,7 км2ге жеткен 202 мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында Карабуура суусу курулган. Жээгинде Талас шаары, Көпүрө-Базар, Карой, Миңбулак, Кызыладыр, Покровка жана башка кыштагы жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Талас дарыя, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.