Прокси сервер (англ. proxy server - ыйгарым укуктуу сервер) - компьютердик желедеги клиенттин башка серверлерге болгон кайрылуусунун ыйгарым укугун аткарган кызмат.
Клиент прокси серверге кайрылат жана башка серверде жайгашкан бир ресурсту (мисалы, файл, баракча жб.) талап кылат. Прокси сервер талап кылынган сервер менен байланышып же өзүнүн кешинде (өзүнүн кеши бар болсо) сакталган ресурсту алып клиентке берет.
Прокси сервер клиентти желедеги кол салуулардан коргойт, клиенттин жашырындуулугун камсыздоого жардам берет.
Прокси сервер жергиликтүү тармакты Интернетке байланыштырат. Клиенттер серверге Интернеттин кайсы ресурстарды кызыктыра турганын кабарлайт, прокси сервер Интернеттен талап кылынган ресурстарды жүктөп андан ары клиенттерге жиберет. Прокси-сервердин негизги милдети сырткы колдонуучуларды тармактын ички ресурстарын колдонууга жол бербөө, ошондой эле ички тармак колдонуучуларына берилиштер ресурстарынын так жайгашкандыгы жөнүндөгү маалыматты сунуш кылуу. Мында прокси-серверден башка жергиликтүү тармак сыртындагы компьютерлерге жетүүгө болбойт.
Прокси-сервер аркылуу Интернетке туташтырылганда колдонуучулардын талаптары башында жергиликтүү тармакка жиберилет. Прокси-сервер Интернеттен талап кылынган ресурстарды алып чыгат, аларды колдонуучуга сунуш кылуу менен өзүндө бул ресурстар тууралуу көчүрмөнү сактап калат. Бул маалыматтарга кайталап кайрылууда прокси–сервер жергиликтүү компьютерлерге сакталган көчүрмөнү жүктөп берет. Ошону менен алыска байланышуу саны азаят. Эгерде Интернет провайдеринин каналы тиешелүү өндүрүмдүү болбосо, прокси-серверди колдонуу менен маалыматтарга жетүү ылдамдыгын жогорулатат.
Ачык/тунук (open) прокси сервер - клиенттин кайрылууларын билгизилбей өткөргүчтөн (gateway, маршрутизатор) прокси серверге багыттаган прокси сервер. Ошондуктан, ачык прокси сервер аркылуу иштөө үчүн клиенттин веб браузеринде проски серверге тийешелүү ырастоолорду кылуу керек эмес. Мисалы: route -p add 10.32.5.5 mask 255.255.255.255 10.32.1.14
Түз (forward) прокси сервер - клиенттин кайрылууларын сырткы желеге багыттаган прокси сервер. Түз прокси сервер менен иштөө үчүн клиенттин веб браузеринде проски серверге тийешелүү ырастоолор кылынышы зарыл. Ички желенин коопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулат.
Тескери (reverse) прокси сервер - сырткы желеден келген клиенттердин кайрылууларын ички желенин ичинде жайгашкан бир же бир нече серверге багыттаган прокси сервер. Көбүнчө оордукту бир нече серверге бөлүштүрүү жана алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Прокси сервер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.