Орхон-Энесай Жазууларынын Эстеликтери

Орхон-Энесай жазууларынын эстеликтери - VII-Х кк.

Монголияда, Түштүк Сибирь, Орто Азия аймактарында балбалдарга, тиричилик буюмдарына түрк элдеринин тилинде жазылган жазуу эстеликтери Орхон жана Энесай жазуулары деп аталат. Мындай жазуу эстеликтери Тувадан,Хакасиядан Тоолуу Алтайдан, Якутиянын түндүгүнөн жана Кыргызстандын Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Таластагы жазуулар Энесайдагы жазуу эстеликтерине тектеш. Жазууларды 1893-ж. даниялык профессор В.Томсон чечмелеген, биринчи жолу 1894-ж. орус түркологу, академик В.В.Радлов окуган. Бул жазууну Энесайдагы Кыргыз мамлекети, Чыгыш Түрк кагандыгы, Уйгур кагандыгы, Жети-Суу, Чыгыш Түркстандагы бир катар түрк өлкөлөрүнүн калкы колдонушкан. Б.з. I миң жылдыгындагы түрк коомундагы этностук, социалдык, чарбалык жана маданий өзгөрүүлөр жөнүндө кенен айтылган 14 анча чоң эмес эпитафиялык (мүрзөгө коюлган) таштарда чегилген руникалык жазуулар Талас өрөөнүндө табылган. Алар түргөш кагандары Чабышчор Сулук жана анын балдарынын баш-каруу мезгилине туура келет (716-740-жж.). XIX к. этегинде орустун илимпоздору Монголияга саякаттап, түркология илимине жаңы ачылыштарды жасаган. 1889-ж. Кошо Цайдам өрөөнүндөгү Кокшун-Орхон дарыясынын боюнан (Улан-Батордон 400 чакырым батыш багыг) Сибирдик археолог жана жер тааныгыч Н.М.Ядринцев эки чоң таш таап, алардын бетине чегилген байыркы түрк жазуусун тапкан. Ошол эстеликтердин бири байыркы түрк каганы Билгеге (716-734-жж. башкарган), экинчиси мурда өлгөн анын агасы Күлтегинге коюлган экен. Илимий чөйрөдө бул чоң ачылыштын кызыгы таркай электе Е.Н.Клеменц Улан-Батордон 36 чакырым түштүк-чыгыш тараптан ошондой эле таш табат. Анын бетинде түрк кол башчысы Тон-йокуктун жазуусу болгон. Билге каган, Күлтегин жана Тон-йокуктун Орхондогу жазуу эстеликтери маани жагынан дүйнөлүк түркология илимине өтө баалуу булак жана мурас болуп эсептелет Бул таш жазууларда VII к. аягы менен VIII к. башындагы окуялар айтылган. Ал кезде 630-ж. кытайлар багынтып алган мамлекетин кайра кураштыруу үчүн байыркы түрктөр жан аябай күрөш жүргүзүп жаткан. Борбордук Азиянын бийлиги үчүн түрктөр кыргыздар менен салгылашышкан. Мына ушунда Күлтегиндин арбагына багышталган таш жазууда кыргыз каганынын аты аталат. Андан ары Күлтегиндин таш жазуусунан Барсбектин өлгөн жайы тууралуу кабар окуйбуз. Бул кабардын чындыгы күмөн санатпайт. Ушундай эле кабар азыраак өзгөргөн, бирок мааниси жоголбогон түрүндө Билге менен Тон-йокуктун таш жазууларында да айтылат. Аларда 710-711-жж. кышында Саян ак кар, көк муз ашуусун ашып, кыргыздарга болгон жортуул азабы баяндалат. Ошентип, орхон жазуулары боюнча, байыркы түрк төбөлдөрү каардуу, ырайымсыз кыргыз каганынын образын түзгөн. Карындашын берсе да, өз билгенин кылганын кара деп жектеген. Ошол үчүн Барсбек каган өлүм жазасына кетип, эли кулчулукка кабылган деп Барсбек тууралуу кас душмандары ушинтип жазган. Мындан жүз жыл мурун Сибирдик дыйкан Алтын-Көлдүн жээгинен (Минусинск – Миң-Өзөн ойдунунан) түшүнүксүз тамгалар чегилген эки жалпак таш табат. Табиятынан баамчыл Е.Ф.Корчаков бул табылга тууралуу окумуштуу жана Минусинск шаарынын көрүнүктүү коомдук ишмери Н.М.Мартьяновго кабарлайт. Бул таштагы жазуулар кыргыз каганы Барсбек Ынанчу Алп Билге каганга арналган эскерүү болуп чыккан. Ал киши Сибирде музей ачып, ага экспонаттарды жыйнай баштаган.ж.Билал

Колдонулган адабияттар

  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010

Tags:

МонголияОрто Азия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Руханий маданият«Манасты» которууЭпикалык текАбдырахман Кучак уулуКалп(адабият)ТишКутадгу билигТелибай тентекАрхитектуралык эстеликтерМектепГапаров МурзаЖусуп АбдрахмановАндронов маданиятыТарых«Көкөтөйдүн ашы»Кыргыздын элдик музыкалык аспаптарыАстероидАрменияСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.АминдерУзакбай АбдукаимовКубаттуулукШүкүрбек БейшеналиевКазат АкматовБашкы баракСары-Челек биочөйрөлүк коругуПлутонМухаммед пайгамбарЫкташууКыргыз аттарыТехнологияҮркүнОлимпиялык оюндарСууДабан мамлекетиТерроризмКыргыз улуттук оюндарыЖер титирөөБилим берүүТоо арасында (роман)Улуу Ата-Мекендик согушЖарандык согушКир II УлууКылым карытар бир күнЖарыкЛатын Америкасы«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруФантастикаЛексикологияЧүй облусуЭритмелерМинералдуу суулар (Кыргызстан)Дидактикалык чыгармаларТянь-Шандын түштүк тизмегиКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүСалык саясатыЖер тобундагы планеталарФранцияВолейболХимиялык булаларКоррозияӨрт коопсуздугуАлмаТок булагыКененсарынын чапкыныКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыСыдык уулу ОсмонаалыАльберт ЭйнштейнКудайлар тууралуу мифтерКыргызстандын райондоруСөздүн маанисиИскусство таанууКеп маданиятыФатима АбдаловаЧуст маданиятыАбдылдабек Алымбек датка уулуАйлана (математика)Башкаруу байланышы🡆 More