Терроризм

Терроризм – системалык түрдө террорго таянуу менен жүргүзүлгөн саясат.

Негизинен a) террордук акцияны уюштуруу, пландоо, даярдоо жана ишке ашыруу; б) террордук акцияларга, террордук максаттарда жеке адамдар же коомдук, мамлекеттик уюмдардын үстүнөн күч колдонууга, материалдык объектилерди жок кылууга шыкактоо; в) мыйзамсыз куралдуу бирикмелерди, кылмыштуу топторду (кылмыштуу уюмдарды), террордук акцияларды ишке ашыруу же ага катышууга чакыруу; г) террорчулукка үгүттөө, окутуп-үйрөтүү жана террорчуларды колдоо, пайдалануу; д) террордук уюмду, топторду каржылоо же башкача жардам көрсөтүү Терроризмге жатат. Террордун (латынча terror – коркутуу, үрөйүн учуруу) синоними «зордук кылуу, күчкө салуу», «чочутуу» болуп саналгандыктан, ушул сыяктуу жол менен тигил же бул аракеттерди жасоого мажбурлоо жана коркутуу же баш тарттыруу же ошол эле максатта аракет жасайм деген коркутуулар да Терроризм деп аталат. Кеңири мааниде: 1) террор саясаты жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн күч колдонулган кылмыштын бир түрү; 2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өрттөө, жардыруу же адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, олуттуу зыяндарга, болбосо башка коомдук коркунучтуу кесепеттерге алып келүүчү иш-аракеттерди жасоо, эгер ал аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, мамлекеттик бийликти алсыратуу максатында калкты коркутуу же болбосо террорчулар же террордук уюмдардын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик органдарды, эл аралык, коммерциялык, коомдук ж. б. уюмдарды тигил же бул аракеттерди жасоого мажбурлоо Терроризм катары каралат. Мүнөзү жагынан Терроризм уюшулбаган (жеке), уюшулган, улуттук, диний, идеологиялык болуп бөлүнөт.

Терроризм
Терроризм (11 сентябрь 2001).

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7

Tags:

Террордук акцияТеррордук уюм

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Электр энергетика системасыЫсык-Көл облусунун табиятыЩелочтуу металлдарРоза, гүлКожожашКыргыз балдар адабиятыТабигый ресурстар, жaратылышКозу карындарСпортКыргызстандын дары сууларыЭтишХайду ханОлимпиялык оюндарТкандар (биологияда)Бир тутумдуу сүйлөмПротоколТуберкулёзАйлана-чөйрөМаданий өсүмдүкЧабалекейлерАбдыкерим СыдыковУйгур кагандыгыТелибай тентекБиринчи мугалимЭлектр кыймылдаткыч күчүХимиялык элементӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиКыргыз элинин калыптанышыКыргыздын чыгаан кыздарыЖөндөмөАт атоочТилТузИчтин катуу кармоочу оорусуТериСтильЖарандык укукДарыларТуруктуу өнүгүүКудаяр ханНеологизмдерУйку безиАжы бийРынок экономикасыЛексикалык мааниЩелочтуу жер металлдарыМидин АлыбаевБышыктоочторТабигый ресурстарЭкологияЗат жана энергия алмашууКоомТабият кырсыктарыЖасалма интеллектӨсүмдүкГенетикаЭлементтер мезгилдик системасыСарыкЖылдыздуу асманМакал лакапГерманияИч өткөкМаркетингПедагогикалык изилдөө методдоруМеталл эместерМоңголияАдеп тарбиясыСабакКушКитептин тарыхыСинонимКасымалы ЖантөшевМукай ЭлебаевКекеева Жаӊылай СабырбековнаЧүй өрөөнүЖүлүнТаштандыларды кайра иштетүү🡆 More