Искусство Таануу

Искусство таануу – кең мааниде коомдун бүткүл көркөм маданиятынын, ошондой эле искусствонун жалпы закон ченемдерин, объективдүү өнүгүү логикасын, коом менен карым-катышын, адамга тийгизген таасирин, көркөм чыгарманын мазмуну жана формасы сыяктуу маселелерди изилдөөчү илимдер комплекси.

Ушул мааниде искусство таанууга адабият таануу, музыка таануу ж. б. кирет. Ал эми тар маанисинде пластикалык жана мейкиндик искусствосу (архитектура, живопись, графика, жасалга жана колдонмо) жөнүндөгү илим. Искусство таануу сүрөт искусствосу, архитектура, жасалга жана колдонмо өнөрү жана дизайндын көп аспекттерин изилдейт. Искусство таануу үч бөлүмдөн турат: искусство тарыхы, теориясы, көркөм сын. Искусство теориясы социалдык-философиялык көз караштарды жана жалпы түшүнүктөрдү пластика өнөрүнүн жана анын айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша колдонуп, искусствонун идеялык мазмуну, көркөм методу, формалары, сүрөттөө каражаттары, технологиясы сыяктуу маселелерин изилдейт. Көркөм сын өз заманындагы турмуш көрүнүштөрүн, багыттарын, түрлөрүн, сүрөткердин чыгармачылыгын жана айрым чыгармаларды талдап баа берет; искусство көрүнүштөрүн турмуш менен мезгилдин коомдук идеялары менен өлчөп, ага ылайыктыгын аныктайт. Искусство таануу өз корутундулары менен жыйынтыктары объективдүү жана так болушуна умтулуп, коомдук жана бир катар так илимдердин методун пайдаланат; тигил же бул доордун көз карашын жана табитин чагылтат. Искусство таануу 16–19-кылымда өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Туңгуч теориялык эмгектер Байыркы Грецияда жазылган, аларда искусствонун көптөгөн маанилүү теориялары менен тарыхына аныктама берилген. Искусство таануунун илим катары калыптанышына Кайра жаралуу доору маанилүү роль ойногон. Кыргызстанда улуттук искусствонун гүлдөп-өсүшү менен байыркы эстеликтерди сактоого, музей курулуштарына, көркөм мураска, эл чыгармачылыгын изилдөөгө, элдик өнөрдү өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүнүүдө.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кутадгу билигМаданий өсүмдүкКызыл кыргыз тарыхыМанап бийДаван мамлекетиКыргыз композиторлоруПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыМетеоритКыргыз улуттук опера жана балет театрыБүбүсара БейшеналиеваЖарандык согушМамлекеттердин тизмесиАлай тоо кыркасыЖарандык коргонууОрто АзияЛирикаКалийЧубак ажы ЖалиловКүкүрт кислотасыАвстралия (континент)Эне-Сай кыргыз кагандыгыБышыктоочКубатбек ЖусубалиевИбраев, ЭсенгулЖолон МамытовПризмаТоо арасында (роман)Жусуп БаласагынАсан КайгыКыргыз Республикасынын экономикасыШарттуу белгилерКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарБасмачылыкБраузерФантастикаКокон хандыгыМакмал алтын кениЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыАтмосфера басымыЭкинчи дүйнөлүк согушТөрт бурчтукАянтБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарБаяндоочКыргызстандагы таш дооруКыргыз Республикасынын президенттериЖөтөлгө каршы дарыларФранц КафкаСүймөнкул ЧокморовИманалиев Элмирбек КалиловичУйгур кагандыгыКүндөрдүн аталышыКыргыз элинин калыптанышыСоветтер Союзунун баатырыКаратма сөзТемпераментКан тобуКыргыз тилинин грамматикасыБайдылда СарногоевАскердик антАнатай ӨмүркановКыз куумайНегиз (химия)СүтДүйнөлүк океанБруцеллёзЖердин айлануусуУсубалиев Турдакун УсубалиевичМуктар АуэзовЖаз мезгилиКыргыз сомуПопуляцияАстероидЖеңиш КүнүТоголок МолдоБөлүп чыгаруу системасыБиогеоценозЖер астындагы суулар🡆 More