Аскердик Ант

Аскердик ант – КРнын куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге берилгендигин билдирүү.

Жоокер Мекенинин ар-намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет. Аскердик ант КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жаш аскерлер баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде аскердик ант беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги менен салтанаттуу өткөрүлөт. Аскердик ант бергенге чейин: а) аскер кызматчысы аскер кызмат ордуна бекитилбейт, жоокердик тапшырмаларды аткарууга тартылбайт (согуштук аракеттерге катышууга, аскердик кызмат өтөөгө, кароолго турууга ж. б.); б) ага аскер куралы менен согуштук техника бекитилип берилбейт; в) ага карата камак түрүндөгү жаза чаралары көрүлбөйт.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Tags:

АскерАскер куралыЖоокер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жер тобундагы планеталарЧубакКожомбердиев ТурарКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиАнтисептикаБагыныңкы сүйлөмЭвфемизмМайрамкан АбылкасымоваПилОрто кылымдарСууАнглис тилиКара кытайФутболЖүрөк-кан тамыр тутумуМүнөз (психология)Жоопкерчилиги чектелген коомЭкзогендик процесстерСахабаларТеңир-ТооКонституцияБышыктоочЖыл ажырашЫсык-КөлКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыСүмөлөкМамлекеттик башкарууМанасчыСарыкБөлүкчөКаныкей образыАдам укуктарыТоктоболот АбдумомуновИсторизмдерБакайГерманияТүшүндүрмө мүчөКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүДем алууКалпакТемпераментБайламтаБоз үйдүн ички жасалгасыГигант планеталарЧумаКыргыз-Казак согушу (1846)Саруу (уруу)Окутуунун принциптериВитаминдерМаданиятАк кеме (тасма)СүйлөмМектепке чейинки куракАжар (повесть)Элдик медицинаОномастикаПланетаСак цивилизациясыӨпкөнүн сезгенишиОмонимдерПедагогикалык изилдөө методдоруКет БукаЖүрүм-турумИч катууКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыКыз куумайИндукциялык токКыргызстандагы жапыз тоолор жана адырлардын рельефиТабигый кырсыктарНаймандарАйРуханий маданиятСоциалдык психологияДилбаянТатаал сөздөрдүн жазылышыКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыКыргыз адабиятынын тарыхыДедукция🡆 More