Роман Тоо Арасында

Тоо арасында – роман өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын аягында – отузунчу жылдардын башындагы окуяларды камтып, тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушун, адамдардын образдарын, тиричилигин жана кулк-мүнөзүн, табият көрүнүштөрүн көркөм сүрөттөгөн эпикалык чыгарма.

Анын эки китеби 1955–58-жылы жарык көргөн. “Тоо арасында” Т. Сыдыкбековдун 1937–38-жылы жарыяланган “Кең-Суу” романынын кайра иштелген варианты. Автордун чыг-лыгында гана эмес жалпы эле кыргыз жазма адабиятынын тарыхындагы төл башы романдардын бири. “Кең-Суунун” коллективдештирүү окуялары көрсөтүлгөн экинчи китеби өз учурунда тапчыл идеологиянын көз карашынан катуу сынга дуушар болгон.

Тоо арасында
Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков
Өлкөсү Роман Тоо Арасында ССРС
Тили кыргыз
Чыккан жылы 1955–58

Айтылган сын-пикирлерди эске алып, Т. Сыдыкбеков романды редакциялар, 1940–1941-жылы кайрадан чыгарган. Экинчи басылышында чыгармага негизинен идеялык мүнөздөгү, анчалык орчундуу эмес өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми элүүнчү жылдарда кайрадан иштелип чыккан роман көркөмдүктүн жаңы сапаттык баскычына көтөрүлгөн. Адабият таануу илиминде «Т. а» мурдагы чыгарманын жаңы редакциясы эмес, жаңы чыгарма катары бааланган. Жаңы вариантта чыгарманын көлөмү эки эседен ашуун көбөйгөн. Көп жаңы главалар киргизилип, эл турмушунун жаңы катмарлары көрсөтүлгөн. Эгерде “Кең-Суунун” стилинде көптөгөн чийкилик учураса, жаңы вариантта алар жоюлуп, жазуучу элдин тил байлыгын эң сонун өздөштүргөн сөз чебери катары көрүнөт. Чыгарманын сюжетинде олуттуу өзгөрүүлөр болуп, жаңы сюжеттик сызыктар, эпизоддор жана деталдар киргизилген. “Кең-Суу” романындагыдай эле жаңы вариантта окуянын өзөгүн Сапарбай, Саадат, Сапарбай – Калмакбаев жана Сапарбай – Шаршен мамилелери түзөт. Бирок, бул кейипкерлердин ортосундагы карама-каршылык жана күрөш алда канча ырааттуу өнүгөт. Баш каарман Сапарбай айылдан эч жакка чыкпаган , билими чектелүү карапайым жигит.

Ошон үчүн ал адегенде Алматы шаарынан бүтүрүп келген Саадаттын жентегинде болот. Бирок, ал бара-бара окуялардын маанисин түшүнүп, Саадат мыйзамга сыйбаган иштерди жасап жатканына көзү жетет. Ошондон тартып эки негизги каармандын ортосунда карама-каршылык пайда болот. Жаңы вариантта Сапарбайдын идеялуу эволюциясы алда канча ырааттуу көрсөтүлөт. Эми ал Саадат менен да, Калмакбаев менен да ачык күрөшүп, ушул күрөштө аң-сезими өсүп жетилип тажрыйбасы артат. Ал Совет бийлиги ак эмгеги менен күн көргөн кедейлер тарабында экендигин түшүнөт. Жогору жактын көрсөтмөлөрүн аткарууда Сапарбай аша чабууга каршы туруп, ар дайым адилет болууга аракеттенет. Бирок, романда баш каармандын адилеттикти жактаган багыты аягына чейин сакталган эмес. Экинчи китепте Сапарбай Шаршенин зордукчул иштерине тоскоолдук кыла албайт. Дегеле романдын бул бөлүгүндө баш каарман бир катар эпизоддордо экинчи планга сүрүлүп калат. Анын ушундай алсыздыгы Шаршен сыяктуу радикалдардын үстөмдүк кылышы объективдүү турмуш чындыгын чагылдырат. Анткени, коллективдештирүү көптөгөн аша чабуулар, репрессиялык жалаалар менен коштолгондугу тарыхтан белгилүү. “Тоо арасында” романында ар бири өзүнө гана мүнөздүү касиеттери менен айырмаланган колориттүү жоон топ кейипкерлер бар. Алар – Саадат, Саке, Ыманбай, Шаршен, Шоорук, Курман, Матай, Өскөнбай, Самтыр ж. б. Ушунун өзү Т. Сыдыкбековдун образ куруудагы чебердиги тууралуу айтып турат. Аталган кейипкерлердин арасынан көркөм жалпылоо күчү жагынан Ыманбайдын образын бөлүп көрсөтүү кажет. Анын бейнесинде көчмөн кыргыздарга мүнөздүү эң негизги терс сапаттар чагылдырылган.

Ыманбайдын баёолугу, караңгылыгы, эртеңкисин ойлобогон, күнүмдүк кызматчылык менен гана чектелген акылы, сабырсыз, башаламан жүрүш-турушу эл турмушундагы драмалуу бурулуш учурунда бөтөнчө ачылып көрүнөт. Ашкере кыйчалыш кырдаалдар анын мүнөзүндөгү апендилик сапаттарды айгине кылат. Өзүнүн мисалында ошол доордогу кыргыз букарасынын турмуш жолун чагылдыруусу жагынан Ыманбай улуттук адабиятта жаратылган алгачкы “элдик тип” деп айтууга болот. Бул мааниде Ыманбайдын образы жеке романдагы эмес, бүткүл кыргыз адабиятындагы орундуу табылгалардын бири. Анын образында комедиялык жана трагедиялык касиет-белгилери эриш-аркак. Кейипкердин иш-аракети жана кулк-мүнөзү канчалык комедиялуу болсо, жашаган шарт-жагдайы, иштеринин натыйжалары ошончолук трагедиялуу.

Арийне, “Тоо арасында” романында көркөмдүк мүчүлүштөр да бар. Маселен, чыгарманын сюжеттик курулуш айрым учурларда чаржайыт, айрыкча экинчи китепте мазмунга эч кандай кошумча киргизбеген артыкбаш эпизоддор бар. Ошондой эле башкы каарман Сапарбайдын иш-аракетин көрсөтүүдө белгилүү даражада бир беткейдик орун алган. Чыгармада негизинен анын коомдук иштери көрсөтүлгөн, ал эми жеке турмушу, адамдык касиеттери, кулк-мүнөзү купулга толоорун ачып бере алган эмес. Бирок, ушул сыяктуу айрым мүчүлүштөрүнө карабастан “Тоо арасында” романы кыргыз адабиятынын тарыхында маанилүү орун ээлеген этаптык чыгарма. Ал. улуттук жаш жазма адабият кыска мөөнөттүн ичинде өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүп, профессионалдык деңгээлге жеткендигин айгинелеген.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Кыргыз адабияты(энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9

Tags:

РоманТүгөлбай Сыдыкбеков

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

МекенчилдикБаланын укуктары жөнүндө конвенцияГигант планеталарИнтерьерДан өсүмдүктөрүЭтикаТүштүк-Батыш АзияЭкосистемаАтом ядросуГапаров МурзаТемирКыргыз сомуКудайлар тууралуу мифтерСөздүн маанисиКотормочуТарыхАйыл чарбаЩелочтуу металлдарЭки досОндук эсептөө тутумуИшеналы АрабаевБишкек баатырИчегиТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүКитептин тарыхыБириккен Улуттар УюмуТуруктуу өнүгүүТаандык категориясыОрусияКыргыздын чыгаан кыздарыКыргыз Республикасынын президентиКожомбердиев ТурарРасаМексикаМукай ЭлебаевЖоон үндүүлөрУйгур кагандыгыТабигый кырсыктарЭлектр каршылыгыАномалияБилимАбдылас МалдыбаевБизнес-планТартылууКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрУлуу Кыргыз ДөөлөтүГалактикаТалас облусуКыргызстандын чек араларыКедейкан (эпос)ДастанБиринчи майКыргыз аттарыКөз ооруларыКосмонавтикаАнглияКыргыз элинин калыптанышыЖугуштуу ооруларҮй-бүлөЖакыпКөкөтөйдүн ашыЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүСатурнОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууЖүрөкКалктын иш менен камсыз болуусуМарсШатман СадыбакасовАюуБир сомТөл сөзБаланын психикасынын өөрчүшүТажикстанТүлкүлөрЖусуп БаласагынБеш жүз сом🡆 More