Ыкташуу - сүйлөм тутумунда сөздөрдүн багыныңкы байланышуу жолдорунун бири, синтаксистик байланыштын бир түрү.
Сөздөрдүн өз ара байланышы багыныңкы түгөй багындыруучу түгөйгө семантикалык жактан баш ийип, эч кандай грамматикалык категорияны талап кылбастан, түз орун тартиби аркылуу маанилик катышы боюнча байланышат: кызыл жоолук, арпа жарма, келишимдүү адам, Жогорку Кеңеш, Убактылуу өкмөт ж.б.у.с. Ыкташуу аныктооч менен аныкталгычтын, кээде ээ менен баяндоочтун ортосундагы катыш катары да аныкталат.
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015 .-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ыкташуу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.