Саймалуу Таш

Саймалуу таш – (петроглифтер), биздин байыркы ата-бабалардын жазуусу жок кездеги нечен кылымдарды камтыган чыгармачылыгын туу чокусу, байыркы исскуствонун уникалдуу эстелиги.

Бул гиганттык зор “сүрөт галереясын” карап отургандар адам акылына, анын жаратуучулук ишмердигине чек жок экендигине ынанат. Миңдеген жылдар бою улам кийинки муундар келип, өзүнүн мурункулар мурасын улантып, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн, мамилесин чагылдырып отурган.

Саймалуу Таш
Саймалуу таш
Саймалуу Таш
"Саймалуу таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын белгиси.

Саймалуу таш ХХ кылымдын башында, башкача айтканда 1902-1903 – жылдары орус армиясынын генералдык штабынын офицери Н.Хлудов жана археологияны сүйүүчүлөрдүн түркестандык кружогунун мүчөсү И.Пославскийдин билдирүүлөрү аркылуу белгилүү болгон. Саймалуу таш Жалал – Абад облусуна караштуу Көкарт ашуусунун жанында жайгашкан. Теңдеши жок стилдик жана композициялык ар түрдүүлүктөгү жүз миңден ашык сүрөттөрдү, фигураларды бир жерге топтоштурган мындай “таш китеп” дүйнөнүн эч биринде жок. Саймалуу таш тогуз жолдун тоомунда эмес, көздөн далдоо, эки жакка эл каттаган жолдон обочодо жайгашкан.

Саймалуу таш Фергана тоо кыркаларынын эң бийик чокуларында биздин заманга чейинки эки миңинчи жана бир миңинчи жылдар аралыгында аскадагы таштарга чегилген сүрөттөр, чиймелер, жазуулар. Болжолу 10 гектардай аянтта мында сызуу-чийүүлөр ачык асман алдында жатат.

Саймалуу таштагы оймо-чиймелер, эчки-текелердин сүрөттөрү, аңчылык, кош айдоо сценалары, башка айбанат-жаныбарлардын сүрөттөрү биздин доорго чейинки мезгилде эле түшүрүлүп, “ыйык жер” катары эсептелинип калган.

Tags:

Петроглифтер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кет БукаМиланКожожашТоголок МолдоКыргызстан калкынын биринчи курултайыАң-сезимКыргызстандын тышкы саясатыТелибай тентекСуюктукЖандоочКыргыз урууларыЫкташууТянь-Шандын түштүк тизмегиБир өңчөй мүчөЖакиев БексултанӨнөр жайЖайКытайПланетаСаруу (уруу)Жыл мезгилдериАлександр МакедонскийАтомИч өткөкБийлик«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруКыргызстандын дары сууларыЭлектрондук почтаЗомбулукӨз алдынча разрядКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиОш коогалаңы (1990)Эгемендүү Кыргыз РеспубликасыМарт окуясы (2005)ТранспортЭкологияМамлекеттик башкарууЮпитерЧүчөк (энтеробиоз)АрхитектураАкматбекова, СагынАнжиян көтөрүлүшүКазат АкматовСоветтер Союзунун баатырыАйыл чарбаны коллективдештирүүДарыяИнтернетЛирикаАргындаштырууЧүй облусуЖаныбар«Замана» агымыБеш миң сомХимияЭрнест РезерфордАктКубаттуулукЧуст маданиятыБайыркы Египет маданиятыПротоколАла-Арча Улуттук ПаркМенеджментЖасалма интеллектКыргыз тилинин тарыхыБалдардын курак мезгилдериКыргыз Республикасынын Кызыл китебиКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыКыргызстандын чек араларыКыргыз алфавитиМар БайжиевУбакытТоголок Молдонун чыгармаларыМаданий өсүмдүкТелескопХХ кылымдын гомериКыргызстандагы металлдарКыргыз Республикасынын БаатырыАкын🡆 More