Кожожаш

Кожожаш — кыргыздын эң байыркы эл дастандарынын бири.

Дастан өзүнүн калыптанып, пайда болгон мезгили жагынан архаикалык мүнөзгө ээ. Дастанда кыргыздардын байыркы доордогу тотемистик, анимистик ишенимдери кенен чагылдырылган. Мындан сырткары, дастанда байыркы кыргыздардын чарбалык укладдары, жашоо образы, диний-философиялык ишенимдери даана көрсөтүлгөн. Байыркы кыргыз коомунда, табийгаттын татаал шарттарында аңчылык да кыргыздардын чарбалык кесипчилигинин бир түрү болгондугун байкоого болот. Мында адам баласы менен табийгаттын катаал кубулуштарынын ортосундагы өз ара алакалар, байланыштар чагылдырылган. Айрым изилдөөчүлөр дастанды баатырдык эпос катары атап жүрүшсө, кээ бир окумуштуулар ага социалдык-турмуштук багыттагы эл чыгармасы катары аныктама ыйгарып келишет. Кыргыздын кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегишип, Сур эчкинин каргышына калып адам жеткис аскада жалгыз калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжетинин негизин түзөт. Дастанда өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосундагы аң сезимдүү байланыш, адам баласынын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адамдын билгенден билбестикке ташталган алаканын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштук өсүшү логикасына карата ылайык берилгендигин көрүүгө болот. «Кожожаш» эпосу кыргыздардын байыркы доордогу турмуш-шартын, чарбачылыгын, каада-салтын, диний ишенимдерин жана башка изилдөө боюнча маанилүү булак болуп эсептелет.

Булактар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Негиз (химия)“Алтын кыз” (драма)Мектепке чейинки куракАмерикаЭрнест РезерфордМамлекеттик башкарууЖемиштерКоруктарКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыУлуттук эсепКыргыз тилинин грамматикасыЭкосистемаКүрөшТуруктуу сөз айкаштарыАмин кычкылдыктары (аминокислота)Чуст маданиятыЖунгар хандыгыКыргызстандын географиясыОозул (стоматит)БышыктоочАлександр МакедонскийКомпьютердик графика –Сулайман-ТооЫктымалдуулук теориясыБарсбек каганКыргыздардын тарыхыКыргыз философиясыЖакыпДаван мамлекетиТекстДинВольфганг Амадей МоцартТаштандыларды жок кылууСуюктукМар БайжиевДүйшөнкул ШопоковТоктоболот АбдумомуновКыргызстандагы таш дооруКыргыз композиторлоруКазатЖылдыздуу асманИнфляцияБоз үйдүн негизги жабдууларыКыргызстандагы коло дооруВитамин жетишсиздигиИбраев, ЭсенгулСинтаксисАлай районуТууранды сөзСууМыйзам (укук)ЮпитерСүмөлөкКарышкырларСинтетикалык каучукАкчаӨпкөКыргыз Республикасынын экономикасыЧыгыш АзияБүбүсара БейшеналиеваЭсенкожоев КусейинКедейкан (эпос)Элдик педагогикаШамалКутурмаСөөк системасыСынган кылычОрхон-Енисей жазуусуСуу, суутек оксидиАтоочтук сүйлөмАрхаизмxwyahЖусуп МамайМаданиятАктЖусуп БаласагынТаң алдында (роман)Жыл мезгилдери🡆 More