Тууранды сөз – жандуу же жансыз нерселерден, кубулуштардан чыккан үндү, дабышты туурап, алардын кыймыл-аракетин, ал-абалын, сырткы көрүнүшүн элестетип көрсөтөт.
Кыргыз тилинде тууранды сөздөр өтө көп. Алар оозеки кепте, көркөм адабиятта жыш колдонулат. Тууранды сөздөр морфологиялык, фонетикалык жана синтаксистик жактан да башка сөз түркүмдөрүнөн айырмаланып турат. Тууранды сөздөрдө лексикалык маани болбойт, алардын мааниси угулган добушту угулгандай, көрүнгөн элести көрүнгөндөй туурап берүүсү менен байланыштуу. Ошондуктан алар өзгөчө сөз түркүмү деп аталат.
Тууранды сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болот, маанисине карай табыш тууранды сөздөр, элес тууранды сөздөр болуп бөлүнөт.
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тууранды сөз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.