Кыргыздардын тарыхы - кыргыз элинин байыртадан азыркыга чейинки тарыхый баскан жолунун баяны.
Мында кыргыздарга жуурулушкан этностук топтор жана кыргыздардан башка этносторго кошулгандар тууралуу да ,камтылат.
Кыргыздар – алтай тил түркүмүнүн ичинен түрк тилдер тобуна кирген байыртадан белгилүү улут.
Алардын негизги бөлүгү түпкү улут катары Кыргызстанда байырлайт.
Кыргыздар Борбордук жана Ички Азиядагы байыртадан бери маалым түрк эли болуп саналат.
Кыргыздар өз негизги атажурту Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу борбордук азиялык пост-советтик республикаларда, Кытай Эл Республикасында (Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы, Маньчжуриядагы Хейлунжаң вилайети, Түндүк Тибет, Тарбагатай, Текес, ж.б.), Ооганстан, Пакистан, Түркия, Орусия, Австралия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Чехия, Египет ж. б. өлкөлөрдө да байырлашат.
Тили б-ча Кыргыздар түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү мусулман динин (сүннийлердин ичинен ханафий мазхабын) тутушат. Айрымдары – атеисттер. Кээлери – бутпарастар (маселен, Кытайдын Тарбагатай аймагындагы калмак-кыргыздар).
Мурдагы СССРде Кыргыздар өз жазмасында оболу араб жазмасын, андан соң латынча, акыры – 1940-жылдан тартып орус алфавитин пайдаланса, башка айрым өлкөлөрдөгү Кыргыздар (Кытай, Ооганстан, Пакистан, Иран, арап өлкөлөрү) араб алфавитин колдонушат. Түркияда, Батыш Европада, АКШда, Канадада, Австралияда байырлаган кыргыздар латын жазуусун колдонушат.
Кыргыз улутун кураган негизги этностук компонент - байыркы кытай жылнаамаларында алгач б. з. ч. 202-201-жылдарда эскерилген байыркы Кыргыздар (гяньгунь же цзянгун) болуп саналат.
Кыргыздардын түпкү тарыхы хун дооруна байланышкан.
Байыркы Кыргыздар болжол менен Чыгыш Теңир-Тоонун Манас дарыясынын атырабында жайгашкан.
Кийнчерээк, б.з. 5-кылымда, алардын оодук бөлүгү Энесайга (Түштүк Сибирге_ журт которуп, мында 6-12-кылымдарда Энесай Кыргыз кагандыгын негиздеп, өнүктүрүшкөн. 5-6-кылымдарда Энесайдагы жергиликтүү динлиндерди жана башка сибирдик түрк урууларын Кыргыздар өздөрүнө сиңирип алган.
Алардын айрым бөлүктөрү 10-кылымдын ортосунан тартып кайрадан Теңир-Тоо аймагында жана ага тарыхый коңшулаш аймакта - азыркы Моңголиянын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Көл (моңголчо Хирхис-ноор) аймагында жашаган.
Байыртадан эле Кыргыздардан өз алдынча мамлекети, орто кылымдардын эрте мезгилинде – Кыргыз кагандыгы болгон.
840-ж. Кыргыз кагандыгы Борбордук жана Ички Азиядагы Уйгур кагандыгын талкалаган жана алардын бөлүгү Чыгыш Түркстанга качкан уйгурлардын артынан кууп келип, Теңир-Тоо аймагына туруп калышкан соң, акырындап ислам динине өтө баштаган.
Кыргыздардын айрым топтору чыгыштан Теңир-Тоого кара кытайлардын, наймандардын жана моңголдордун жортуулу учурунда да (12-13-кылымдарда) оошуп келген.
Эне-Сай Кыргыздарынын айрым бөлүктөрү түштүк-чыгышка да ооп, алардын бир катары бүгүнкү күндө Түндүк Кытайдагы Фу-йу уездинде өз этностук ысымын ж-а тилин сактап, жашап жатышат.
14-кылымдан 18-кылымдын башына чейин Эне-Сайда Кыргыздардын чоң тобу (Сибирь Кыргыздары) моңголдордун алтын-хандарына, кийинчирээк ойротторго (калмактар) баш ийип (кээде сөз жүзүндө гана баш ийип, өз эгемендигин сактап) келишкен.
18-кылымдын башында Жуңгар хандыгы аларды талкалап, бир катарын Жуңгарияга (Теңир-Тоонун чыгышына) көчүрүп кеткен соң, Сибирь ж-а Алтайдагы Кыргыздар кийинки Саян-Алтайдагы түрк ж-а моңгол элдерине аралашып кеткен.
Моңголиядагы Кыргыздар моңголдошууга дуушар болгон.
Караханийлер доорунан тартып Теңир-Тоодогу кыргыздар Теңир-Тоодогу этностук курамы татаал өзүнчө улут катары белгилүү.
Санжыра б-ча Кыргыздар кырк уруудан куралган. Ошондуктан алар “кырк уруулуу эл” деп да аталган. (Этнолог жана тилчи, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунованын баамында, “кыргыз” сөзү “кырк” сөзүнөн жана көптүк биримдикти туюнтчу “-ыз” курама мүчө сөзүнөн куралган).
Кыргыз элинин курамындагы башка этностордун ысымын эскерткен этнонимдер (кытай, моңолдор, түркмөн, казак, өзбек, калмак, ногой, сарт, ж.б.) анын эл болуп калыптанышына байыркы ж-а орто кылымдарда жашаган көптөгөн этностор жана уруулар катышкандыгын далилдейт.
Кыргызстанга көчүп келген орус,украин,уйгур,дуңган ж.б.элдердин дыйканчылык боюнча бай тажрыйбаларынын таасири менен кыргыздардын дыйканчылыгына айрым өзгөрүштөр кире баштайт.Кыргыздарда көбүнчө кедей-кембагалдар дыйканчылык менен күн көрүүгө өтө баштаган.Дыйканчылыкта буудай,арпа,сулу,туруу ж.б. дан эгиндери,өсүмдүктөр эгилген.Кыргызстандын түштүгүндө болсо пахта,тамеки,күрүч жана жашылча-жемиште түрлөрү өстүрүлгөн. Капиталисттик рынок мамилелеринин киргизилиши менен Кыргызстандын айрым жерлеринде кыргыз дыйкандары өз муктаждыктары үчүн гана эмес,базарга сатуу үчүн да дан эгиндерин, жашылча-жемиштерди, мөмө дарактарды өстүрүп,бал аарыларын бага баштаган.Бирок соода дыйканчылыгынын бул түрлөрү,орус,украин,озбек,дуңган калктарында көбүрөк өнүккөн.Кыргызстандын түштүгүндө пахта да товар катары өндүрүлө баштаган.Түштүк Кыргызстандагы Нойгут-Кыпчак,Найман,Багыш,Баястан,Акбуура жана Ноокат болуштуктарында атайын сатуу үчүн эгин өстүрүлө баштаган. 19-к-дын экинчи жарымынан өзгөчө Фергана облусунда кыргыздар толук же жарым-жартылай отурукташа баштаган.1917-; карата Фергана облусундагы 362 миң кыргыздын, 206 миңи отурактышкан же жарым отурукташкан турмушка өтүшкөн.Кыргызстандын түндүгүндө болсо 20-к-дын башында 70тей гана кыргыз кыштагы болгон.Орус менен украиндедин кыштактары 100дөн ашык, о. эле 5 немис, 3 дуңган кыштактары болгон.Түштүк Кыргызстандын кыргыз кыштактарында негизинен 500дөн,айрым чоң кыштактарда 1-2 миңдей адам жашаган.Ал эми Түндүк Кыргызстанда кыргыздар жашаган кыштактарды адамдардын саны 100-200дөн ашкан эмес. Көчүп келген дыйкандар жергиликтүү элге сугат жерлерин өздөштүрүүнү,каналдарды жана арыктарды казууну үйрөтүшүп,алардан жайытты пайдаланууну үйрөнүшкөн.Байлардын жана кулактардын чарбаларында темир соколор,тырмоолор,чалгылар ж.б. пайда боло баштаган. 1914-ж Кыргызстанда 434 миң га сугат жерлери болуп,анда эң эле жөнөкөй жолдор менен пахта 2 миң га,картошка менен жашылча 14 миң га жерге өстүрүлгөн.
Кыргыздардын тарыхы негизинен:
байыркы Кыргыздар (б.з. ч. 3-кылымдан – б. з. 5-кылымына чейин),
орто кылымдардагы Кыргыздар (6-14-кылымдар),
кийинки Кыргыздар (15-21-кылымдар) болуп 3 мезгилге бөлүнөт.
Байыркы кыргыздар оболу Теңир-Тоо, андан соң ага кошумча Түштүк Сибирь, Алтай, Ички Азия аймактарын мекендеген.
Орто кылымдардагы Кыргыздарга Эне-Сай Кыргыздары (6-14-кк.), Теңир-Тоо Кыргыздары (9-14-кк.), Борбордук Азия Кыргыздары (9-14-кк.); Манжурия, Моңголия, Алтайдагы Кыргыздар, Сибирь Кыргыздары (15-18-кк.) кирет.
Кийинки Кыргыздарга Теңир-Тоо же Ала-Тоодогу Кыргыздар (15-21-кк.), манжуриядагы Фү-йү үйөзүндө жана жалпы Манчжурияда байырлап жаткан кыргыздар (18-21-кк.) жана башка кыргыз топтору кирет.
Бир катар кыргыз уруулары 18-20-кк. казак, өзбек, каракалпак, башкыр, татар, уйгур, алтай, хакас, тыва, саха, сары уйгур, кырым татар (ногой), түрк, балкар, карачай, шор, ж.б. түрк элдерине, айрымдары тажик, монгол, дунган, калмак, арап, орус, ж.б. этносторго жуурулушуп кетишкен.
Айрым окуу куралдары
Латын арибинде (ар кыл тилдерде)
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыздардын тарыхы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.