Компьютердик графика – XX кылымдын акыркы чейрегинде кеңири тараган электрондук графикалык техника; сүрөттөлүштөр компьютердин пультунда түзүлөт, алар динамикада, статикада жана экранда терилип жаткан учурунда көрсөтүлүп турат, ошондой эле принтерден кайра даяр түрдө басылып чыгат.
К. г-нын артыкчылыгына жасалып жаткан нерсени дайыма көрүп, чакан оңдоп туруу мүмкүнчүлүгү кирет. К. г-да сүрөттөлүштөр элементтерден терүү ыкмасы боюнча же жаңы көркөм сүрөт формалары менен саймаларын, алмашып туруучу раппорту бар орнаменттерди түзүү менен аткарылат. Түстүү графикада компьютер түстөрдү бөлүштүрө алат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Компьютердик графика –, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.